KELECHEK

Эл аралык валюта фонду коронавируска каршы күрөшүүнү каржылоо боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн карайт

Эл аралык валюта фонду коронавируска каршы күрөшүүнү каржылоо боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн карайт

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн Эл аралык валюта фондунан каржылай жардам сураган. Фонд бул маселени ушул жуманын аягына чейин карайт.

Эл аралык валюта фонду белгилегендей, Кыргызстан дүйнөдө коронавирус жайылгандан бери уюмдан жардам алган биринчи өлкө болуп калышы мүмкүн.

Буга чейин фонд коронавирустан улам экономикалык кыйынчылыкка туш болгон өлкөлөргө жардам берүү үчүн 1 трлн доллар өлчөмүндө насыя берүүгө даяр экенин билдирген.

Уюмдун маалыматында жардамдын так көлөмү айтылган эмес. Бирок “Азаттыктын” тажик кызматы кыргыз өкмөтүндөгү өз булагына таянуу менен кеп 25 миллион доллар жөнүндө болуп жатканын маалымдады. Каражат берилсе, аны Каржы министрлиги кырдаалга жараша колдонот.

Эксперт Денис Бердаков өлкө ушул тапта жасалма дем алдыруучу аппараттарга муктаж болуп жатканын белгилейт. «Мындан тышкары коргонуу каражаттары, атайын халаттар, беткаптар керек. Балким калктын аярлуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоого да туура келет», – деди Бердаков.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-апрелде банктын президенти Бандар Хажжар менен телефондон сүйлөшүп,...

ЭКОНОМИКА 2020-04-09  18:02

Улуттук банк пандемиянын кесепеттерин азайтуу үчүн банктарга насыя...

Улуттук банк пандемиянын кесепеттерин азайтуу үчүн банктарга насыя...

Улуттук банк COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу үчүн коммерциялык банктарга насыя...

ЭКОНОМИКА 2020-04-06  16:38

АӨБ: Пандемия шартында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 4% өсөт

АӨБ: Пандемия шартында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 4% өсөт

Коронавирус пандемиясы шартында 2020-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүүсү 4% түзөт. Бул тууралуу...

ЭКОНОМИКА 2020-04-06  17:31

Bloomberg: Орусия мунай өндүрүшүн көбөйтпөйт

Bloomberg: Орусия мунай өндүрүшүн көбөйтпөйт

Орусия 1-апрелде ОПЕК менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына карабастан, мунай өндүрүшүнүн...

ЭКОНОМИКА 2020-04-02  19:01

Өзбекстанда жыл аягына чейин күйүүчү май менен газ кымбаттабайт

Өзбекстанда жыл аягына чейин күйүүчү май менен газ кымбаттабайт

Өзбекстанда жыл соңуна чейин күйүүчү май менен газдын баасы жогорулабайт. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы...

ЭКОНОМИКА 2020-04-02  19:15

Токаев: пенсия жана жөлөк пул 10% индексацияланат

Токаев: пенсия жана жөлөк пул 10% индексацияланат

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 31-мартта теле аркылуу элге кайрылуу жасап, пенсия, жөлөк пул...

ЭКОНОМИКА 2020-04-01  16:55

Абылгазиев: Ишкерлерди каржылык колдоого мүмкүнчүлүк жок

Абылгазиев: Ишкерлерди каржылык колдоого мүмкүнчүлүк жок

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурдагы шартта ишкерлерге башка өлкөлөр сыяктуу...

ЭКОНОМИКА 2020-03-31  19:42