
Казакстан өзгөчө абал учурунда жөлөк пул төлөөгө убада берди

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта өзгөчө абалга байланыштуу зыян тартып жаткан казакстандыктарга жөлөк пул төлөнүп берилерин билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.
"Буга байланыштуу өзгөчө абал учурунда кирешелеринен ажыраган жарандарга бул аралыкта ай сайын бир минималдык айлык акы өлчөмүндө (94 доллар) жөлөк пул чегерүүнү тапшырам.”, –деген Токаев.
Токвев зарыл болгон учурда сумманы көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Казакстан президенти дүйшөмбүдө чет жактардан, анын ичинен Европалык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдөн (Орусия, Беларус, Армения) келген бардык жарандарды карантинге алууну тапшырган. Ал чартердик каттамдар менен келгендер үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айткан.
Казакстанда коронавирус инфекциясын 62 киши жугузуп алган, алардын бири аппараттын жардамы менен дем алып жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13