KELECHEK

Казакстанда калк жыш отурукташкан аймактар карантинге жабылышы мүмкүн

Казакстанда калк жыш отурукташкан аймактар карантинге жабылышы мүмкүн

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн калк жыш отурукташкан аймактарын карантинге жабуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу 23-мартта Нур-Султанда өткөн өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Президенттин пикиринде, Нур-Султан жана Алматыны толугу менен курчап, шаарга жөө кирүү мүмкүндүгүн бөгөттөө керек. Мындан тышкары жакын арада калк жыш отурукташкан башка аймактарды дагы жабуу маселесин кароо зарыл.

«Ушул тапта карантин чаралары өтө кеч киргизилген өлкөлөрдө илдет көп катталып жатат. Инфекциянын тездик менен жайылышын токтотуу үчүн изоляция чараларын күчөтүү зарыл. Башка өлкөлөрдөн келип жаткан оң жана терс маалыматтарды эске алуу менен медициналык системабызды бардык кырдаалга даярдоону улантуу керек», – деди Токаев.

Президент карантиндеги талапты аткарбаган кишилерди жазалоо зарылдыгын да белгиледи.

Казакстанда 23-мартка карата 62 киши коронавирус илдетине чалдыкты. Алардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарларында.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Назарбаев казакстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Назарбаев казакстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Казакстандын биринчи президенти, Мамлекеттик кеңештин башчысы Нурсултан Назарбаев 8-апрелде өлкө...

ДҮЙНӨ 2020-04-09  18:13

Дүйнөлүк банк Тажикстан калкынын аярлуу катмарын колдоо үчүн 3 млн...

Дүйнөлүк банк Тажикстан калкынын аярлуу катмарын колдоо үчүн 3 млн...

Тажикстандын саламаттык сактоо министри Насим Олимзода.

Тажикстанда коронавируска каршы...

ДҮЙНӨ 2020-04-09  21:52

Өзбекстан коронавирус пандемиясынын күчөп кетүү ыктымалдыгына...

Өзбекстан коронавирус пандемиясынын күчөп кетүү ыктымалдыгына...

Өзбекстан өлкөдө коронавирус инфекциясынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярданууда. Бул тууралуу...

ДҮЙНӨ 2020-04-07  02:43

Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 584кө жетти

Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 584кө жетти

Казакстанда дагы 18 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн...

ДҮЙНӨ 2020-04-06  17:20

АКШ чалгыны: Кытай коронавирус эпидемиясынын чыныгы масштабын...

АКШ чалгыны: Кытай коронавирус эпидемиясынын чыныгы масштабын...

Кытай бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жана каза болгондор тууралуу чыныгы маалыматтарды...

ДҮЙНӨ 2020-04-02  17:10

Филиппин президенти коронавирус жуктургандар каршылык көрсөтсө,...

Филиппин президенти коронавирус жуктургандар каршылык көрсөтсө,...

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте

Филиппин президенти Родриго Дутерте эгер коронавируска...

ДҮЙНӨ 2020-04-02  17:16

Гарри менен Меган расмий түрдө падышалык ыйгарым укуктарын өткөрүп...

Гарри менен Меган расмий түрдө падышалык ыйгарым укуктарын өткөрүп...

Британ ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн...

ДҮЙНӨ 2020-04-02  18:44