KELECHEK
rek

Кыргызстанда билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн

Кыргызстанда билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери окуу жылын дистанттык режимде аякташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептер менен жогорку окуу жайлары 8-апрелге чейин каникулга тараган.

Өмүров окуу жылы жай айларына чейин узартылбай турганын, учурда Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректин окуу процессин аралыктан окууну уюштуруу үчүн бир катар иш-чараларды уюштуруп жатканын маалымдады.

“Биздин максат – Интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан, биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенжерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз. Мындан улам, билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”, - деп билдирди Нурлан Өмүров.

Министрликтин өкүлү кошумчалагандай, 8-апрелден тарта мектеп окуучулары үчүн видео сабактар башталат.

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер жана окуу жайлар 16-марттан тарта кезексиз каникулга тараган. Учурда өлкө боюнча 14 адам бул илдетти жугузуп алганы аныкталды. Алар менен байланышта болгон 2628 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30