Исаков: Жакынкы күндөрү умрадан дагы 300 адам келет, баарын карантинге алабыз
Жакынкы күндөрү Сауд Арабиясында кичи ажылыкта жүргөн дагы 300дөй кыргызстандык кайтып келет. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
Анын айтымында умрадан кайтып келгендер дароо карантинге жаткырылып, лабораториялык анализ алынарын белгиледи:
«Эртең 100 адам, бүрсүгүнү 200 адам кайтып келет. Бул кооптуу сан эмес. Эгер ошончо оорулуу адам келет десек, корксок болот. Алар оорулуулар эмес, баары биздин жарандар. Биз сөзсүз түрдө баарынан лабораториялык анализ алабыз. Албетте, баарын карантинге алабыз».
Төлө Исаковдун айтканына караганда, коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда обсервация үчүн 1600 орун даярдалган. Анда 321 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Калган орундар бош.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жалпы республика боюнча «өзгөчө кырдаал киргизүүгө олуттуу негиз жок», деди министрликтин өкүлү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13