KELECHEK

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү 22-апрелде өтөт

Орусияда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча добуш берүү 22-апрелде өтөт

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-апрелде Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө жалпы элдик добуш берүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Документ Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.

22-апрель шаршемби, бирок бул күн өлкөдө дем алыш катары жарыяланат.

Орусиянын Конституциясына өзгөртүү киргизип, Владимир Путиндин буга чейинки башкаруу мөөнөттөрүн жокко чыгарууну Мамлекеттик Дума колдоп, Конституциялык сот туура деп тапкан. Ага ылайык эми Путинге 2024-жылы да президенттике ат салышууга жол ачылды.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жарлыкка түшүндүрмө берип жатып, эгер коронавирустун жайылышына байланыштуу оор кырдаал түзүлсө, добуш берүү датасы жылдырылышы мүмкүн экенин айтты.

Орусияда коронавирус жуктурган 114 учур катталды. Бир нече региондордо, анын ичинде Москвада массалык иш-чараларга чектөө киргизилип, оюн-зоок жайлары, мектептер жабылууда.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы Орусияда митингдер өтүүдө. Бирок Москвада жергиликтүү бийлик коронавируска байланыштуу 50дөн көп киши катышкан массалык иш-чараларга тыюу салды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ооганстанда эки талапкер өздөрүн президент деп жарыялашты

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла

Ооганстанда президент Ашраф Гани жана аткаруу бийлигинин...

Шайлоо 2020-03-10  18:03

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ош: убактылуу каттоого турууну милиция териштирип жатат

Ошто жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө...

Шайлоо 2020-02-17  19:54

Тажикстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин видеого...

Тажикстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү процессин видеого...

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда парламенттик шайлоо күнү добуш берүү процессин видеого...

Шайлоо 2020-01-23  18:13

Тажикстанда 7 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Тажикстанда 7 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Тажикстанда 16-январга карата жети саясий партиянын 70 мүчөсү жаздын башына белгиленген парламенттик...

Шайлоо 2020-01-18  16:42

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстанда парламентке беш партия өттү

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы...

Шайлоо 2019-12-26  23:31

Ооганстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алты миңден ашык...

Ооганстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча алты миңден ашык...

Ооганстанда жекшемби күнү өткөн президенттин шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары жарыялангандан кийин...

Шайлоо 2019-12-26  23:35

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө өлүм жазасынан толугу менен баш тартып, Жарандык жана...

Шайлоо 2019-12-24  02:43