KELECHEK

Аялдарга арналган митинг тынч жыйынтыкталды

Аялдарга арналган митинг тынч жыйынтыкталды

Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.

Акцияга 8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга жасалган чагым себеп болду. Ал күнү иш-чаранын уюштуруучуларына бет кап жана калпак кийген эркектер тобу кол салган. Бир нече аял да келип, акцияга каршылыгын билдирген.

Милиция натыйжада алты аял, беш эркек кармалып, айыппул төлөгөндөн кийин коё берилгенин маалымдаган.

8-марттагы акцияны айыптаган аялдар тобу бүгүнкү митингге да келип, катышуучулар менен кайым айтышты. Милиция алардын ортосуна түшүп, ажыратып жатты.

Жалпысынан бүгүнкү акция тынч өттү. Уюштуруучулар бийликке бир нече талабын айтты. Тилектештигин билдирип экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы вице-премьер-министр Мира Жангарачева, «Үмүт-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова, белгилүү жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8...

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8...

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 8 жаран кармалды. Бул тууралуу...

КООМ 2020-04-07  05:18

Жалал-Абад: Өкмөт тарабынан берилген жардам муктаждарга жеткирилүүдө...

Жалал-Абад: Өкмөт тарабынан берилген жардам муктаждарга жеткирилүүдө...

Жалал-Абад шаарындагы 662 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан бир мүшөктөн ун берилди.

КООМ 2020-04-06  16:34

Жалал-Абад шаарында муктаж үй-бүлөлөр азык-түлүк менен камсыздалууда...

Жалал-Абад шаарында муктаж үй-бүлөлөр азык-түлүк менен камсыздалууда...

Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаадагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана багар көрөөрү жок...

КООМ 2020-04-06  17:08

Өкмөт башчы Ошко аскердик учак менен барды

Өкмөт башчы Ошко аскердик учак менен барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына барды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат...

КООМ 2020-04-04  19:41

Новосибирск: Алты кыргызстандык транзиттик зонада камалып калды

Новосибирск: Алты кыргызстандык транзиттик зонада камалып калды

Новосибирсктин аэропортундагы кыргыз жараны. 31.03.2020

Кыргызстандын алты жараны Орусиянын...

КООМ 2020-04-03  19:37

ИИМ: Сойку ташыган милиционер тууралуу маалымат жалган

ИИМ: Сойку ташыган милиционер тууралуу маалымат жалган

Ички иштер министрлиги Бишкекте милиция кызматкери түнчүндө өзүнүн жеке машинасы менен сойкуларды...

КООМ 2020-04-02  17:05

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 1000 доллардан...

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 1000 доллардан...

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 миллион сум ($ 1000) өлчөмүндө...

КООМ 2020-04-02  18:35