KELECHEK

Коронавирусту тамашага айландырган тажикстандыктын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Коронавирусту тамашага айландырган тажикстандыктын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Москвада сот метродо коронавирус маселесин тамашага айландырган тажикстандык Кароматулло Жабборовдун камактагы мөөнөтүн 8-майга чейин узартты.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, тергөөчү Москвада каттоосу жок айыпталуучу качып кетиши мүмкүн деген жүйө менен анын абактагы мөөнөтүн узартууну сураган.

Кароматулло Жабборов дээрлик бир айдан бери абакта отурганына карабай тергөө иштери баштала электигин билдирди.

Орусия ИИМи кабарлагандай, 2-февралда Москва метросунда жаш жигит кокустан эс учун жоготуп койгондой түр көрсөткөн. Шериктери анын коркунучтуу вирустук инфекциясы бар экенин айтышып, жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салышкан. Кийинчерээк бул учур тартылган видеоролик Интернетте тараган.

Кароматулло Жабборов бейбаштык үчүн 8-февралда кармалган. Учурда ал “Атайлап уюштурулган бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда. Тергөө бул ишке бир нече киши катышкан деп эсептейт. Жаңы айыптоо боюнча Жаборов жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ТИМ: 42 өлкөдө жарандарыбыз бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес

ТИМ: 42 өлкөдө жарандарыбыз бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес

Новосибирскинин аэропортундагы кыргыз жараны. 31-март, 2020-жыл.

Кыргызстан чет жактагы жарандарын...

УКУК 2020-04-09  17:45

БУУ: карантин шартында үй-бүлөдөгү зомбулук күчөдү

БУУ: карантин шартында үй-бүлөдөгү зомбулук күчөдү

Коронавирустун жайылышына каршы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө киргизилген карантин шартында...

УКУК 2020-04-06  17:35

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш...

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш...

Кыргызстандын Баш мыйзамы.

«Үмүт 2020» кыймылы Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул...

УКУК 2020-04-03  20:47

Парламент өзгөчө абал режимин бузгандарга айып пул төлөтүүнү жактырды

Парламент өзгөчө абал режимин бузгандарга айып пул төлөтүүнү жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелдеги кезексиз жыйында Жоруктар жана бузуулар тууралуу кодекске...

УКУК 2020-04-02  15:44

Ташкентте карантинге карабай үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет...

Ташкентте карантинге карабай үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет...

27-мартта Ташкент шаарынын тургундары өлкөдө карантин жарыяланганына карабай, Чилназар районундагы...

УКУК 2020-03-30  16:32

Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам...

Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам...

Ооганстандын президенти Ашраф Гани коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн түрмөлөрдөн 10 миңдей...

УКУК 2020-03-27  15:37

Жалал-Абад ОИИБнин алдында элдер эмнеге турушат?

Жалал-Абад ОИИБнин алдында элдер эмнеге турушат?

Социалдык тармактарда Жалал-Абад ОИИБнин имаратынын алдында эл көп топтолуп тургандыгын тартып алган...

УКУК 2020-03-26  18:24