KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Президент мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгиледи. Ички иштер органдарына болгон биринчи кезектеги негизги талап жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу болуп саналат.

«Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Андан кийин Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууга басым жасады.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул багытта көрүлүп жаткан антикризистик чаралар, өлкө экономикасы үчүн кесепеттерди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Президент Өкмөткө тобокелчиликтер менен көйгөйлөрдү гана эмес, мүмкүнчүлүктөрдү дагы карап, продукцияны сатуу үчүн жаңы багыттар ачылса, кырдаалга ыкчам талдоо жүргүзүү жана ишкерлерге жардам кылуу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле экономикалык коопсуздуктун тобокелчиликтери менен коркунучтарын, терс кесепеттерди азайтуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды натыйжалуу координациялоо максатында республикалык ыкчам штаб түзүү боюнча сунуштама берилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан...

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-04-09  17:33

Президент Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата...

Президент Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата...

CАЯСАТ 2020-04-07  05:32

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы шарттарда коронавирус...

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы шарттарда коронавирус...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде, Маалыматтык технологиялар...

CАЯСАТ 2020-04-03  20:00

Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын ...

Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын ...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде,...

CАЯСАТ 2020-04-02  18:24

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын ...

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын ...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде,...

CАЯСАТ 2020-04-02  18:28

Вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаев иштен алынды

Вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаев иштен алынды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев...

CАЯСАТ 2020-04-01  17:18

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы...

CАЯСАТ 2020-03-27  15:24