KELECHEK

Президент Жээнбеков: Кыргызстан орус тилинин макамын өзгөртпөйт, латын арибине өтпөйт

Президент Жээнбеков: Кыргызстан орус тилинин макамын өзгөртпөйт, латын арибине өтпөйт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып «Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», - деп билдирди.

Президент ошондой эле учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп билдирди. Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган.

Латын арибине өтүү боюнча акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда демилге көтөрүлүп, бирок расмий колдоо тапкан эмес. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда, Өзбекстанда латын арибине өтүү жараяны уланып келатат.

Орус тили постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда, Беларуста, Молдовада жана Түштүк Осетияда расмий тил деп таанылган.

27-февралда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий ачылышы болот. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация жөнөп кетти. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков президент Владимир Путин баштаган Орусиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушары мурда кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан...

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-04-09  17:33

Президент Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата...

Президент Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата...

CАЯСАТ 2020-04-07  05:32

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы шарттарда коронавирус...

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы шарттарда коронавирус...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде, Маалыматтык технологиялар...

CАЯСАТ 2020-04-03  20:00

Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын ...

Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын ...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде,...

CАЯСАТ 2020-04-02  18:24

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын ...

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын ...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгон Жарлыктын негизинде,...

CАЯСАТ 2020-04-02  18:28

Вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаев иштен алынды

Вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаев иштен алынды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев...

CАЯСАТ 2020-04-01  17:18

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы...

CАЯСАТ 2020-03-27  15:24