KELECHEK
rek

ЖАМУ Президннттин жарлыгын ишке ашырууга көмөктөшүүдө (ФОТО)

ЖАМУ Президннттин жарлыгын ишке ашырууга көмөктөшүүдө (ФОТО)

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту азыркы учурда Көк-Жаңгак шаарындагы М.В.Фрунзе атындагы №1, Ю.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеринде кытай тили боюнча окуу пункттарын ачып, эки жылдан бери тыгыз кызматташып келет.

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Көк-Жаңгак шаарынын Ю.Гагарин атындагы №4 орто мектебинин чоң жыйындар залында Конфуций институтунун жана аталган 3 мектептин жамаатынын, андагы кытай тилин окуп-үйрөнүп жаткан окуучуларынын катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.

Бул демилгени Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен Конфуций институтунун жамааты көтөрүп, “2020-жыл – региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” боюнча КРнын Президентинин Жарлыгын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Көк-Жаңгак шаарындагы жогоруда аталган мектептерге материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү максатында уюштурушту.

Иш-чараны мектеп директору Элмира Мирзахмедова ачып, өз сөзүндө мектеп окуучуларынын тил үйрөнүүгө ынтызарлыгын эске алып, аларга керектүү шарттарды ЖАМУ менен биргеликте түзүп берүүгө аракеттер болуп жаткандыгын кубануу менен айтып өттү. Андан соң, окуучулар кытай мугалимдеринин жардамы менен үйрөнгөн кытай элинин ырларын, бийлерин, көркөм окууларды, “Уш” өнөрүн келген конокторго жана окуучуларга тартуулап аткарып беришти.

Салтанаттын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов сөз сүйлөп, учурда аймактарга көңүл буруу, ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттик деңгээлде колго алынып жаткандыгын баса белгилеп, жалпы жамаатты КРнын Президентинин бул багыттагы Жарлыгын колдоого, ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырды.

Өз сөзүндө окуучулардын терең билим алышын, келечекте өлкө үчүн эң керектүү кесиптерди тандоосун, ал максаттарын ишке ашырууга чын дилден тилектештигин билдирип, мектеп бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Жалал-Абад мамлекеттик университетинен билим алууга чакырды. Сөзүнүн соңунда М.В.Фрунзе атындагы №1, Ю.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеринин ар бирине бирден компьютер топтомун  белекке берди.

Иш-чаранын аягында Көк-Жаңгак шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Б.Ш.Маткаримов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.М.Сейдакматова сөз сүйлөп, ЖАМУнун жана Конфуцийдин жетекчилигине Көк-Жаңгак шаарынын билим берүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдиришип, Ыраазычылык дипломдорун тапшырышты. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30