KELECHEK
rek

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Донбасстагы кырдаалды талкуулады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Донбасстагы кырдаалды талкуулады

Донбасстагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Киевдин демилгеси менен шейшембиде өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынында Батыш өлкөлөрү Украинанын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдиришти.

Кошмо Штаттардын өкүлү Шерит Норман Шале Орусияны Минск келишимин бузууга, жикчилдерди курал менен камсыздоого, окутууга жана аскердик көмөк көрсөтүүгө айыптады.

Коопсуздук Кеңешине катышкан ЕБ өлкөлөрү (учурда алар – Бельгия, Эстония, Франция, Германия жана Польша) жаңжалды жөнгө салуу боюнча мындан аркы иш 9-декабрда өткөн “Норманд форматынын” саммитинин жыйынтыктарынын негизинде болушу керек экенин билдиришти. Сүйлөшүүдө ок атышууну токтотуу зарыл экенин белгиленген.

Орусиянын өкүлү Валерий Небензя саммитте кабыл алынган чечимдердин аткарылышын Украина кетенчиктетип жатканын, буга байланыштуу лидердердин кийинки жолугушуусу болбой калышы мүмкүн экенин айтты.

Жыйынга ЕККУнун Украинадагы Атайын мониторинг миссиясынын башчысы Яшар Халит Чевик катышып, шейшембиде Луганск облусунун батыш бөлүгүндө олуттуу окуя болгонун кабарлады. Анын айтымында, байкоочулар бир суткада 2500дөн ашуун жардырууну катташкан. Бул адаттагыдан беш эсеге көп.

Украин аскерлеринин маалыматына караганда, Орусия колдогон жикчилдер шейшемби күнү эртең менен согуш талаасынын бир бөлүгүнө чабуул жасашкан. Украин аскерлери алардын мизин кайтарып, өз позицияларын сактап калган. Эки тарапта тең жоготуулар болгон.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул окуяны “чагым” деп атап, ал украин бийлигинин багытын өзгөртпөй турганын айтты. Президенттин билдиришинче, “Украина ишенимдүү түрдө согушту токтотуу жана тынчтыкты көздөй баратат”.

Жикчилдер ок атууну биринчи украин аскерлери баштаганын айтышууда. Орусиянын Тергөө комитети Донбасстагы атышууларга байланыштуу 2 кылмыш ишин козгоп, украин аскерлерин карапайым калкка карата катаал мамиле жасоого айыптады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52