KELECHEK
rek

Тажик ТИМи: Баткен тууралуу тажик генералынын билдирүүсү - анын жеке пикири

Тажик ТИМи: Баткен тууралуу тажик генералынын билдирүүсү - анын жеке пикири

Абдулло Навджувонов

18-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин басма сөз жыйынын өткөрүп, Баткен облусу тууралуу сүйлөгөн тажик генералы Абдулло Навжувоновдун сөзүнө түшүндүрмө берди.

Министр «Баткен тууралуу сөз - анын жеке пикири. Анын сөзү өлкөнүн расмий пикири деп эсептелбейт» деп билдирди.

«Генерал бул сөздү расмий иш-чарада айткан жок. Ошондуктан анын сөзү өлкөнүн расмий позициясы болуп эсептелбейт. Генералдын сөзүнө тарыхчылар гана баа бере алат», - деди министр.

Абдулло Навжувонов - Тажикстандын ИИМинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы. Ал 12-февралда Хожентте өткөн басма сөз жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар тууралуу суроого «Баткен эч качан Кыргызстандын жери болгон эмес» деп жооп берген.

Кыргыз тарап буга дароо жооп кайтарып, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү генералдын сөзү чек арада жашаган эки элдин ортосундагы тынчтыкка доо кетирерин эскерткен.

Кыргыз тараптын билдирүүсүндө: «Басма сөз жыйынында чагым кыла турган билдирүүлөр жасалды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү чек арада жашаган эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирет. Бул билдирүү атайын чагым кылуу максатында жасалды», - деп айтылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-февралда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмада Ализоданы чакырып, кыргыз тарап расмий Душанбеден татыктуу реакция жасалышын күтөрүн жана мындан кийин буга окшогон фактылар кайталанбайт деп ишенерин билдирген.

Ага чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев «Баткен эч качан Тажикстандыкы болгон эмес жана болбойт. Бул Кыргызстандын жери» деген билдирүү тараткан.

Кыргыз-тажик чек арасы 976 чакырымдан ашык. Анын ичинен 450 чакырымы эмгиче аныктала элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13