KELECHEK
rek

Казак бийлиги Назарбаевдин небересинин билдирүүсү боюнча комментарий берди

Казак бийлиги Назарбаевдин небересинин билдирүүсү боюнча комментарий берди

Британиядан башпаанек сураган Айсултан Назарбаевдин билдирүүсү боюнча Казакстандын расмий бийлик өкүлдөрү алгачкы жолу комментарий берди.

Мамлекеттик «Хабар» телеканалынын эфиринде Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев бул «эне трагедиясы» экенин билдирди.

Ал билдирүүнү Айсултандын атын жана азыркы абалын пайдалангандар жазганын, мурдагы президенттин небереси маңзаттын таасири алдында жүргөнүн кошумчалады. Ал адамдын кайгысынан рейтинг жасоону токтотууга жана бул теманы жабууга чакырды.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Британиянын бийлигинен баш калка сураган. Бул тууралуу ал 13-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

«Соңку беш жылдан берки жашоом кунарсыз болуп калды», -деп билдирген Айсултан.

Ал үй-бүлөсү тарабынан өзүнө басым болуп жатканын, анткени ал Орусия менен Казакстандын бийлик ээлеринин ортосундагы коррупция тууралуу маалыматка ээ экенин айткан.

29 жаштагы Айсултан - Назарбаевдин тун кызы, парламент төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу. Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгон.

Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип жана баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген. Окуядан кийин ал баңгиликтен дарылаган «Priory» аттуу ооруканага жаткырылган.

Айсултан Назарбаевдин кийинки убактагы билдирүүлөрү боюнча Казакстандын биринчи президентинин үй-бүлөсү комментарий бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...