KELECHEK
rek

«Абий» жоопкерчилиги чектелген коому мамлекетке 10 млн. сомдон ашык салык төгүштү

«Абий» жоопкерчилиги чектелген коому мамлекетке 10 млн. сомдон ашык салык төгүштү

Ишкердүүлүк менен алектенип бир гана өздөрүнүн турмуш шартын жакшыртпастан, адамдарды жумуш менен камсыз кылып, бюджетке салым кошуп келе жатышкан алдыңкы ишкерлер арабызда бир топ эле. Андай ишкерлерди окурмандарга тааныштыруу биз үчүн да кызыктуу.

Алдыңкы ишканалардын катарын толуктаган «Абий» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ОсОО) директору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевичти кепке тартып, ишкананын жетишкендиктери боюнча бир нече суроолорго жоопторду алдык.

- Сайдилла Суюмбаевич, ОсОО «Абий» ишканасын түзүүдө кандай максаттарды алдыга койгонсуз? Ошол максаттарыңыз боюнча айтып берсеңиз?

- “Абий” жоопкерчилиги чектелген коому 2006-жылы ачылган. Мен ишкана ачаардан мурун тамеки заводдо даярдоочу болуп иштегемин. Өндүрүш эмне экенин ошол жактан билип, үйрөнүп, такшалгамын.

Кирпич заводун курушум керек деген идея Кытайга барганда пайда болду. Анан фирма ачып, 2006-жылы Кытайга барып, ал жактан кирпич заводунун жабдууларын 100 миң долларга алып келгемин. Ал эми 2007-жылы бышкан кирпич чыгара баштадык.

Ушул эле технология Өзбекстандын Кокон шаарында бар. Кирпич чыгаруучу мешти куруу үчүн 600 000 кирпич керектелет экен. Биз ал кирпичти Өзбекстандан ташып келгенбиз. Ошентип, биздин акчанын баары башка мамлекетке чыгып кетип жатпайбы. Өзбекстандан атайын адистер келишип, эки айдын ичинде кирпич заводду толук куруп, ишке берип кетишкен.

Заводду кургандан кийин бул жерге атайын техникалар керек экен да. Атайын техникалардын баарын сатып алып, 2007-2008-жылдан баштап завод толук кандуу иштеп, мамлекетке салыктын бардык түрлөрүнөн төлөй баштадык. Башында 1-2 миллион сомдон салык төгүп келсек, азыркы учурда 10 млн. сомдон ашык накталай акча менен салык төгөбүз.

Андан сырткары, соцфондко төлөйбүз. Шаардык кеңештин депутаты катары кайрылган элдерге жардам берип жатабыз. Заводду иштетип баштаганыбызда 5-6 адам менен баштасак, мына азыркы убакта 40-50 адам иштеп жатышат.

- Өндүрүштү өркүндөтүү максатында таш майдалоочу жана бетон заводдорун да ишке киргиздиңиздер. Ушул заводдор боюнча да токтолуп өтсөңүз?

- Андан сырткары, өндүрүштү өркүндөтүү максатында 2015-жылы таш майдалоочу жабдууларды Кытайдан алып келдик. Ошол учурда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 8 млн. сомдук акча алып, таш майдалай турган заводду ишке бердик. Завод азыр Жалал-Абад шаарында жайгашты. Сапаты боюнча бардык сертификаттарды, карьерлерди, экологиялык паспортторду алып, учурда иштеп жатат. Ал эми 2017-жылы асфальт заводун курдук. 2019-жылы жалпы 15 чакырымдан ашык жол куруп, 10 миң тоннадан ашык асфальтты фирмаларга саттык. Базар-Коргон районундагы Сайдиллаев көчөсүнө, айыл өкмөткө, Арстанбапка, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Абдурасулов көчөсүнө, Атабеков, Сузак айыл өкмөттөрүндө тендерден утуп алып, көчөлөрүн асфальттадык.

Өзүбүздүн керектүү бардык техникаларбыз бар. Толугу менен техника менен камсыз болуп, бардык сертификаттарды алганбыз. Ошентип Жалал-Абад шаарында сапаттуу, эң жакшы асфальт чыгарган фирмалардын алыңкысы болуп келе жатабыз.

Ал эми 2018-жылы саатына 200 тонна чыгара турган бетон заводун курдук. Буга деле Кыргыз-Россия өкүктүрүү фондунан 12 млн. сомдук кредит алганбыз. Бетонду элге сатып жатабыз. Элибиз да бетонду сапатына карап ала башташты. Мектептер, бала бакчалар курулуп жатат. Элибиз да кимдин сертификаты бар сапаттуу болсо, ошондон сатып алууга өтүштү. Биздин завод чыгарган шебен, бетон жакшы болуп жатат деп кардарлар айтып жатышат.

Мен эми жол адиси болуп калдым. Жолду сапаттуу куруу үчүн биринчи жолду кеңейтип, латокторду коюп туруп, анан ишти баштасак, жакшы болот деп бардык жерде айтып жатам. Жолдорду кеңейтпей туруп эле, латокторду коюп алып, анан 3-4 жыл өкөндөн кийин кайра 5-6 млн. сом сарптап, жолду кайра бузуп, кеңейтүү ишин башташат. Бул багыттагы кемчиликтерибизди сессия болуп жатканда, айыл өмөттөрдө тендер болуп жатканда көп айтам.

- Мына эми Кытайдан плита чыгыра турган жабдууларды алууга буйрутма берип, жаңы өндүрүштү баштоо алдында турат экенсиздер? Плита чыгарууга эмне түрткү болду?  Ушул боюнчада айтып берсеңиз?

- Элдерден “плита чыгарсаңар” деген суроо-талап көп болуп жатат. Бетон заводуңар болгондон кийин, плита чыгарсаңар деген сунуштарды эске алып, быйыл Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 15 млн. сомдук кредит алдык. Кытайга 70 миң сомун которуп келдим. Быйыл ушул плитаны чыгарууну жолго коюп алсак, аябай чоң иш жасаган болот элек.

Иш орундар көбөйөт, атайын керектүү техникаларды сатып алабыз. Быйыл өндүрүшүбүз жакшы иштейт. Бизде билимдүү, тажрыйбалуу, өз ишин билген адистер көп. Мен ошолорго ишенип, таянып, ушундай ийгиликтерге жетишип жатабыз. Заводдун жабдууларынын баары автоматташтырылды. Кнопканы баскандан кийин эле компьютер өзү битумду, шагылдын баарын өз көлөмү менен иштете берет.

Кимдин сертификаты болсо, тендерде ошол ишкана менен иштеп жатышат. Куда кааласа мына бутка туруп алдык. Мындан ары да ийгиликтер көп болот. Салык да азыркыдан көбүрөөк төлөнөт. Тендерге катышканда салыкты канча төлөй тургандыгың баары ачык жазылат. “Ишкерлер салыкты жашырып жатышат”- деп айтылган сөздөр, азыр чындыкка дал келбейт. Эч нерсени жашыра албайсын, баары ачык-айкын жүрөт. Төгүп жаткан салыктарыбызга карата Кыргыз Өкмөт башчысы М.Абылгазиевден Ардак грамота, Жогорку кеңештен саат алгамын.

- Сайдилла Суюмбаевич, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз! Мындан ары да ОсОО «Абий» ишканасынын иши илгерилеп, жакшы ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз!

Маектешкен Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38