KELECHEK
rek

Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

“Фейсбук” социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг күн сайын администраторлор миллиондой жалган аккаунтту өчүрөрүн, алардын бир бөлүгү саясий кампаниялар менен байланыштуу экенин билдирди.

"Учурда биз күнүгө миллиондон ашуун жалган аккаунттарды өчүрүп жатабыз. Көбү катталган соң бир нече мүнөттөн кийин эле билинет. Алардын негизги бөлүгү шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасаган мамлекеттик субъектилер менен байланышта эмес. Алар түрдүү иш жасоону көздөгөн спамерлер жана кишилер. Бирок, албетте, айрымдары – өкмөттүк кампаниялардын бир бөлүгү", – деди ал Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда.

Анын айтымында, “Фейсбук” 2016-жылы АКШда өткөн шайлоолордогу жаңжалдан кийин колдонуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү саясатын жана алгоритмин өзгөрткөн. Анда Орусия шайлоо кампаниясына кийлигишүүгө, бул иште “Фейсбукту” да колдонууга айыпталган. Мындан соң Цукерберг Конгрессте көрсөтмө берген.

Цукерберг буга чейин билдиргендей, 2016-жылдан тарта “Фейсбук” жарнама саясатын да өзгөрткөн. Саясий жарнама берүүнү каалаган ар бир колдонуучу уруксат алып, жеке маалыматтарын жана жашаган жерин тастыкташы керек. Жарнама лентада так белгиленип, колдонуучулар ал үчүн ким акча төлөгөнүн көрө алышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...