KELECHEK

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өкмөттү сотко берди

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров өкмөттү сотко берди

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргызстандын өкмөтүн сотко берди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кабарлады.

Анын айтымында, абактагы укук коргоочу кыргыз өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп эсептейт.

Буга байланыштуу Аскаров Бишкектин райондор аралык сотуна арыз жолдоду. Арыз сотто качан каралары айтыла элек.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы кандуу калабадан кийин бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза жылын азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Аскаровдун иши 25-февралда Жогорку Сотто кайра каралганы жатат.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте карантинге карабай үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет...

Ташкентте карантинге карабай үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет...

27-мартта Ташкент шаарынын тургундары өлкөдө карантин жарыяланганына карабай, Чилназар районундагы...

УКУК 2020-03-30  16:32

Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам...

Ооганстанда коронавирустан улам түрмөлөрдөн 10 миңге чукул адам...

Ооганстандын президенти Ашраф Гани коронавирустун жайылышын басаңдатуу үчүн түрмөлөрдөн 10 миңдей...

УКУК 2020-03-27  15:37

Жалал-Абад ОИИБнин алдында элдер эмнеге турушат?

Жалал-Абад ОИИБнин алдында элдер эмнеге турушат?

Социалдык тармактарда Жалал-Абад ОИИБнин имаратынын алдында эл көп топтолуп тургандыгын тартып алган...

УКУК 2020-03-26  18:24

"Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-мартта «Кыргыз Республикасынын...

УКУК 2020-03-24  13:40

Казакстанда өзгөчө абал режимин бузууга айыпталган үч активист...

Казакстанда өзгөчө абал режимин бузууга айыпталган үч активист...

21-мартта Казакстандын Актөбө шаардык административдик соту «өзгөчө абал режимин бузууга»...

УКУК 2020-03-23  15:59

Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга кесилди

Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга кесилди

18-мартта Ташкент шаардык соту Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримованы 13 жыл 4 айга...

УКУК 2020-03-19  10:56

Коронавирусту тамашага айландырган тажикстандыктын камактагы...

Коронавирусту тамашага айландырган тажикстандыктын камактагы...

Москвада сот метродо коронавирус маселесин тамашага айландырган тажикстандык Кароматулло...

УКУК 2020-03-10  17:51