KELECHEK
rek

АКШ Кыргызстан менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин талкуулоого даяр

АКШ Кыргызстан менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин талкуулоого даяр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февралда Ташкентте жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, анын ичинде АКШнын кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

— АКШнын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта өз ара тыгыз аракетти күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду, — деп маалымдады Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, өз кезегинде АКШнын мамкатчысы визалык чектөө боюнча өкүнүчүн жана бул маселенин тегерегиндеги абалды чечүүгө даярдыгын билдирди. Майк Помпео маселенин АКШ өкмөтүнүн тиешелүү стандарттарына байланышкан объективдүү техникалык жактарына көңүл бурду. Мындан тышкары тараптар бул маселе боюнча укук коргоо органдарынын деңгээлинде өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

АКШнын мамлекеттик катчысы 3-февралда Ташкентте «С5+1» форматында Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Анда аймактык соода, чек ара коопсуздугу, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12