KELECHEK
rek

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар басымга кабылганын билдиришүүдө

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар басымга кабылганын билдиришүүдө

Учурда тергөө абагында кармалып турушкан Равшан Жээнбековдун, Канат Сагынбаевдин, Мээрбек Мискенбаевдин, Фаркат Баабиевдин, Карыпбек уулу Рысбектин жана Фарид Ниязовдун коомчулукка кайрылуусу 4-февралда жарыяланды.

Алар бийлик, сот жана укук коргоо органдарынан болуп көрбөгөндөй кысым көрүп жатышканын билдиришкен.

Кайрылууда «Кой-Таш окуясына байланыштуу жасалма кылмыш иши боюнча жоопко тартылып жаткан саясатчыларга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кысым болуп жатат. Бийликке көз каранды өкмөттүк комиссия бийликтин кызыкчылыгына жооп берген, УКМКнын, ИИМдин башчыларын жана Башкы прокурорду актаган, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын каралаган чечим чыгарууда» деп жазылган.

Мындан тышкары ИИМ жүргүзүп жаткан тергөө бир тараптуу, бурмаланып, жалган көрсөтмөлөр менен коштолуп жатканы айтылган. Кайрылуу ээлери соттор жабык, түн ичинде өткөрүлүп жатканын да бийликтин атайын жасалып жаткан басымы деп эсептешет. «Биз, саясий туткундар, бардык жарандар сыяктуу биздин сотторубуздун күндүз жана журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшүн талап кылабыз. Ак экенибизди ачык соттор аркылуу далилдейбиз» деп билдиришкен.

Кайрылууга кол койгондор былтыр августта Кой-Таш айылында «массалык баш-аламандык уюштурган», «бийликти басып алууга аракеттенген» деген жана башка негиздер боюнча айыпталып, камакка алынышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53