KELECHEK
rek

Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат

Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат

Өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун апелляциялык арызы 25-февралда Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, укук коргоочунун арызын кароо талабын кыргыз бийлигине БУУнун адам укуктарынын сакталышы боюнча жыйынында бир нече өлкөнүн өкүлдөрү берген:

- Абалы начарлап кетти. Өзү да туугандарына кат жазып, коштошуп жатыптыр. Ошондон улам биз дагы өкмөткө кайрылып, үй камагына чыгаруусун суранганбыз. Андан тышкары Улуттар уюмунун адам укуктары комитетине бир нече кайрылуу болгон. Жакында эле Женевада өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга да аны бошотуу сунушун айтышкан.

БУУда баяндама жасаган кыргызстандык делегациянын өкүлү, Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов Аскаровго Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш өкүм чыгарылганын айтып, Аскаровдун кассациялык арызы жакында карала турганын кошумчалаган эле.

Базар-Коргон райондук соту 17-январда июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча документтерди Жогорку сотко өткөрүп берген.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот Аскаровдун адвокаттарынын кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза жылын азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53