KELECHEK
rek

Матраимовдор 24.kg сайтына койгон доосунан баш тартууда

Матраимовдор 24.kg сайтына койгон доосунан баш тартууда

Матраимовдордун үй-бүлөсү «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартууда. Бул тууралуу 27-январда «Азаттыкка» алардын адвокаты Канатбек Азиз билдирди.

Жактоочунун айтымында, буга агенттиктин сайтына жарыяланган маалымат негиз болду.

Бишкектин Свердлов райондук сотуна жолдонгон арызда доогер тарап 15 миллион сомдук айыппул салуу талабынан баш тартып жатканы айтылат.

2019-жылдын 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган.

«24.kg» агенттиги аны өз сайтына жайгаштырган.

27-январда агенттик сайтына «Бизде Матраимовдордун аткезчиликке тиешеси тууралуу далилдер жок» деген кабар чыгарды.

Доодон баш тартуу жөнүндөгү арызды сот 29-январда карамай болду.

Иликтөөлөргө байлынштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана ««24.kg»» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

19-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баштапкы соттук жыйын өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53