KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн

«Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер Союзунун бардык адамдарынын Улуу Жеңишке ишенимин бекемдеген күн. Бул дата Улуу Ата-Мекендик согуштун тарыхындагы баатырдык барактардын бири», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-январда, Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошотулган күнүнө арналган митинг-реквиемде.

Мамлекет башчысы 900 күн менен түнгө созулган курчоо элдик каармандыктын, массалык кайратмандыктын, патриотизмдин символу болуп калганын белгиледи.

«Биз трагедиялуу, ошол эле мезгилде баатырдык күндөргө этияттык менен мамиле кылабыз. Курчоода калган, бүгүн арабызда отурган мекендештерибиз менен сыймыктанабыз. Ленинградды душмандардын курчоосунан бошотууга катышып, баатырдык менен курман болгон төрт жарым миңден ашык кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында башыбызди ийебиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кыргызстандыктар тарыхты эстен чыгарбай турганын, аны кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөрүн өзгөчө белгиледи.

«Биз дайыма ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана каармандыгын эстен чыгарбайбыз. Бардык курман болгондордун, бирок, жеңилбегендердин элесинин, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон 130 миң кыргызстандыктын жаркын элесинин алдында баш ийип, таазим кылабыз. Биздин кечегибиз үчүн өз өмүрүн арнагандарды эскерүүгө милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары эң жогорку деңгээлде белгиленерин билдирди.

Курчоодо калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган. Алардын  3 миңи балдар болгон.

«16 миңге жакын Ленинград блокадачыларын бир тууган ага-карындаш катары кабыл алган биздин тылда эмгектенген мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз.  Курчоодогу Ленинград шаарынан бизге 3 жарым миңден ашык балдар келишип, өз мекенин, бир туугандарын жана жакындарын табышкан. Ленинград блокадасы — бул  бирдиктүү совет элинин, анын ичинде кыргыз жана орус элдеринин биримдигинин тарыхы. Ленинграддын курчоодон бошотулушу, андан кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы Жеңиш эч качан унутулбайт», — деп баса белгил еди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктар Ленинград блокадачыларынын бекем эркин, эрдигин жана каармандыгын жогору баалай турганын дагы бир ирет белгиледи.

«Ошол жылдары али бала болсоңуздар да сиздер чоңдор көтөрө алгыс оор сыноолорго туш болдуңуздар. Бирок сиздер тагдырдын оор сыноосун татыктуу көтөрдүңүздөр. Жаш муунду жогорку руханий жана моралдык сапаттарга тарбиялоону улантып жатканыңыздар үчүн биз сиздерге ыраазыбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ленинградды бошотууда баатырдык менен курман болгондорду жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир минута унчукпай эскерүү болду.

Бишкек шаарындагы Д. Асанов атындагы эс алуу багында Ленинград блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн митинг-реквиемге «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмунун төрайымы Анна Кутанова, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана Бишкек шаарынын жашоочулары, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12