KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү (ФОТО)

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен, Мамлекет башчысынын Аппарат жетекчилигинин, айрым Өкмөт мүчөлөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кытай Эл Республикасынын аймагында жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңири курамдагы жумушчу кеңешме өткөрдү.

Вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.

Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана республиканын аймагына жаңы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген.

Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал зарыл болгон бардык алдын-алуу чараларын күчөтүүгө чакырды, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкын дайыма маалымдоонун маанилүү экенин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстандын аймагында вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүүнү сунуштады.

Конкреттүү участоктордо профилактикалык чараларды көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрү өзгөчө белгиленди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12