KELECHEK

Орусияда өрттөн мерт болгон он өзбекстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди

Орусияда өрттөн мерт болгон он өзбекстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди

Орусиянын Томск облусундагы жыгач үйлөрдүн биринде өрттөнүп кеткен өзбекстандык 10 мигранттын сөөгү 26-январь күнү эртең менен Ташкентке жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Өрт учурунда 12 киши мерт болгон, алардын бири – Орусия жараны. Дагы бир адамдын сөөгү ДНК экспертизасынан өтүп жатат.

Өрт Причулымский айылындагы жыгач үйдө чыккан. Томск облусунун бийлиги имарат киши жашоо үчүн эмес, өндүрүшкө ылайыкташылганын билдирген.

Жыгач иштетүүчү жайды кытайлык «Грин Вуд» компаниясы ижарага алып иштеткен. Ал жерде Өзбекстан, Кытай жана башка өлкөлөрдүн жарандары эмгектенген. Өзбекстандын Орусиядагы башкы консулдугу билдиргендей, «Грин Вуд» компаниясынын директору кармалды.

Мерт болгон бардык өзбекстандыктар Орусияда жумуш иштөө үчүн патент алышкан.

Орусиянын Тергөө комитети бул факт боюнча кылмыш иши козголгонун, өрттүн себеби иликтенип жатканын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркия Хашоггинин өлүмү боюнча шектүүлөргө күнөө койду

Түркия Хашоггинин өлүмү боюнча шектүүлөргө күнөө койду

Жамал Хашогги

Түркия саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө байланышкан иштин алкагында...

Жалал-Абад ОИИБи: Апта ичинде 13 даана ок атуучу курал алынды

Жалал-Абад ОИИБи: Апта ичинде 13 даана ок атуучу курал алынды

2020-жылдын 16-мартынан 21-мартына чейинки аралыкта Жалал-Абад областынын аймагында ок атуучу куралды...

Германияда карнавалга чогулгандары машине сүзүп кетти

Германияда карнавалга чогулгандары машине сүзүп кетти

Германиянын Фолькмарзен шаарында уюштурулган карнавалга чогулгандарды машине сүзүп кетти. Күбөлөр...

Жалал-Абадда жасалма акча жүгүртүүгө аракет кылган кылмыштуу топ...

Жалал-Абадда жасалма акча жүгүртүүгө аракет кылган кылмыштуу топ...

Жалал-Абадда жасалма акча жүгүртүүгө аракет кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын...

Өзбекстан: аткаминер Анжиян окуясында элге бийлик да ок атканын айтты

Өзбекстан: аткаминер Анжиян окуясында элге бийлик да ок атканын айтты

Өзбекстандын башкы прокурорунун орунбасары Светлана Артыкова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда өкмөттүн...

Кыргызстанда маңзат ташыган топ кармалды

Кыргызстанда маңзат ташыган топ кармалды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ооган маңзатын ташыган топ колго түшкөнүн...

Чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды

Чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Канаев...