KELECHEK
rek

Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт

Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы беш кызматташы Ош шаардык сотуна кайрылды.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов сотко кайрылуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бул жерде төрт аскер кызматкери жана мен Ош шаардык сотуна арыз жазганбыз. Мен жетектеген чек ара башкармалыгынын аброюна шек келтирип, терс маалымат таратканы үчүн арыз жаздым. Арызыбыз кабыл алынган. Биз сотко арыз жазуудан мурда ойлондук, кеңештик. Себеби, коомчулукта атыбызга көө жукпасын дедик. Биз - аскер кызматкерибиз. Бизде тартип бар. Подполковник Талгат Аланов эс алууда жүрүп, жетекчиликке кайрылбай туруп басма сөз жыйынын өткөргөнүн туура эмес деп эсептейм.

Талгат Алановго каршы «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин эки кызматкери, «Эркечтам» чек ара өткөрмө бекетинин бир кызматкери жана Алай районунун аймагындагы Сары-Таш чек ара заставасынын фелдшери сотко арыз жазышкан. Алар Талгат Алановдун басма сөз жыйынында айткандарын төгүндөп, «коомчулукка жалган маалымат таратып, кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйө менен ар бирине 100 миң сомдон кенемте төлөп беришин өтүнүшкөн.

Өз кезегинде Аланов прокуратуранын териштирүүсү аяктай электе кызматташтарынын сотко кайрылуусун мыйзамсыз деп эсептейт.

- Бул мыйзамга туура келбейт. Себеби, азыр Аскер прокуратурасында иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен сот менин басма сөз жыйынында айткандарыма баа берет. «Аланов туура же туура эмес айтыптыр» деген соттун чечиминин негизинде булар сотко берсе болмок, - деди ал.

Алановдун 2019-жылдын 27-ноябрында өткөн басма сөз жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирүү ишин баштаган. Бирок териштирүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Басма сөз жыйынында Аланов өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Анда Аланов «Достук» жана «Эркечтам» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо, Алай районунун аймагындагы Сары-Таш заставасынын кызматкерлери чабандардан мал-жандык алган фактыларын мисал келтирген. Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да кошумчалаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53