KELECHEK

Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо боюнча кредиттик жана гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо боюнча кредиттик жана гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо“ долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

«Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа бирлиги тарабынан Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан берилүүдө.

Долбоордун жалпы суммасы 6,5 млн еврону түзөт, анын ичинде:

— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити — 2,5 млн евро;

— Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин гранты — 3,0 млн евро;

— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты — 1,0 млн евро (техникалык кызматташтыктын каражаттары).

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү жана Euribor +1,0% пайыздык ставкасы (өзгөрүлүп туруучу пайыздык ставка) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 3 жыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

МЧК: Өзбек чек арачылары кармаган 13 жаран боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

МЧК: Өзбек чек арачылары кармаган 13 жаран боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13...

Аймак 2020-02-19  16:24

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу митинг өттү

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда 28-январда тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу “Азаттык”...

Аймак 2020-01-28  12:11

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара...

Аймак 2020-01-16  21:04

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын...

Аймак 2020-01-15  23:31

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Бул тууралуу...

Аймак 2020-01-10  15:09

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек...

Аймак 2020-01-10  15:26

Өзбек чек арачылары кыргызстандыктардын мал-жандыктарын кайтарып...

Өзбек чек арачылары кыргызстандыктардын мал-жандыктарын кайтарып...

Өзбекстандык чек арачылар кыргыз жарандарынын 520 баш майда жандыгын кайтарып берди. Кыргызстандын...

Аймак 2020-01-06  15:06