KELECHEK
rek

Өзбекстан менен Тажикстан чегирткеге каршы бирге күрөшүүдө

Өзбекстан менен Тажикстан чегирткеге каршы бирге күрөшүүдө

Өзбекстан менен Тажикстан чегирткеге каршы бирге күрөшүүнү расмий түрдө жарыялашты. Бул багыттагы эки тараптуу кызматташтык зыянкечтерге каршы чара көрүүдө маалымат жана тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле техника жана уулуу химиялык заттарды алышып-беришүү багытында болот.

Ушул айда Өзбекстан делегациясы чегирткеден көбүрөөк жапа чеккен Согди жана Хатлон облустарына келип, абал менен таанышып кетишти. Эми тажик делегациясы Сурхандарыя жана Кашкадарыя облустарына жана Фергана өрөөнүнө барат. Тараптар зыянкеч жасай турган чабуулдун болжолдуу масштабын баалап, чегирткеге каршы күрөшүү ыкмалары менен таанышат.

Тажикстан Айыл чарба министрлигинин чегиртке менен күрөшүү мекемесинен кабарлашкандай, эки өлкө ортосундагы визалык режим чогуу иштөөдө кедергисин тийгизип келсе, эми ал министрликтердин денгээлинде оң жагына чечилди.

«Чегиртке чек ара билбейт. Бул зыянкеч бир күндө 100 чакырым жол басып өтүүгө кудуреттүү. Азыр Хатлон облусу толугу менен андан кутулду. Бирок Өзбекстандагы чектеш райондорго барып, ал жактан бизди көздөй чабуул жасоо коркунучу жокпу, билип келишибиз керек», - деди мекеменин жетекчиси Ганиев.

Тажикстандын чегиртке менен күрөшүү мекемесинин маалыматы боюнча тиешелүү түзүмдөр бул маселе боюнча Ооганстан жана Кыргызстандагы кесиптештери менен дагы кызматташууда. Алар чегирткенин жумурткасы бар жерлерге каршы чара көрүү үчүн телефон аркылуу сүйлөшүп же делегацияларын жөнөтүү иштерин жүргүзүшүүдө. Тажикстанда 90 миң гектар аянтты зыянкеч каптап кеткен, учурда уулуу химиялык заттар 60 миң гектар аянтка себилди.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38