KELECHEK
rek

Исмаилов «Азаттык» радиосунун борбор азиялык программаларынын директорлугуна дайындалды

Исмаилов «Азаттык» радиосунун борбор азиялык программаларынын директорлугуна дайындалды

Белгилүү өзбек жазуучусу жана журналист Хамид Исмаилов «Эркин Европа/Азаттык радиосунун» (РСЕ/РС) борбор азиялык программаларынын директорлугуна дайындалды. Ал бул кызматка 1-февралдан тарта кирешет.

«Акыркы убакта Борбор Азиядагы кызматтар маанилүү окуяларга арналган бир нече материалдарды даярдашты. Мындан улам бул күчтү бекемдеп, ишибизди жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн Хамиддин бизге кошулууга макулдук беришине кубанычтабыз», – деп айтылат РСЕ/РС президенти Жейми Флайдын билдирүүсүндө.

Ал бул чөлкөм өтө татаал экенин, бирок Хамиддин тажрыйбасы иштин стартегиялык багытын камсыздоого жана Борбор Азиядагы аудиторияга мыкты журналисттик эмгектерди сунуштоону улантуу үчүн кесиптештерге колдоо көрсөтүүгө жардам берерин белгилеген.

RFE\RL медиакорпорациясына чейин Хамид Исмаилов 14 жыл Би-Би-Синин Борбор Азия жана Кавказ кызматын жетектеген. Бул кызмат ар кыл платформаларда он өлкө үчүн алты тилде радио-жана телекөрсөтүүлөрдү даярдайт. Кийинчерээк ал Би-Би-Синин европалык бөлүмүнүн аткаруучу редактору болгон.

2017-жылы 1-мартта Братаниянын делегациясы менен Лондондон Ташкентке келген Исмаиловду аэропорттон кармап, себептерин түшүндүрбөстөн Өзбекстандан чыгарып жиберишкен. 2019-жылы мартта Исмаилов Өзбекстандын расмий түрдө кечирим сурашын күтүп жатканын айтып, улуттук УзА агенттигине маек берүүдөн баш тарткан.

Хамид Исмаилов англис, орус, француз жана Борбор Азия элдеринин тилдеринде сүйлөйт. Ал бир нече ыр китептердин, романдардын автору. Анын чыгармалары чет тилдерге которулган.

Акыркы он айдан бери RFE\RL медиакорпорациясынын Борбор Азия боюнча аймактык директорунун милдетин Венера Жуматаева аткарып жаткан. Ал 2010-жылдан бери «Эркин Европа/Азаттык Радиосунун» кыргыз кызматын жетектеген жана ушул ордуна кайра кайтып келет.

RFE\RL медиакорпорациясынын Борбор Азия кызматында беш редакция – «Азаттыктын» кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн кызматы бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...