Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
Алексей Гончарук
Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.
Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу тымызын жаздырылып алынган аудио жазуу тарап кеткен.
15-январда «Ютубда» Украинанын премьер-министри, каржы министри жана Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын үндөрүнө окшош адамдар Владимир Зеленскийди экономиканы түшүнбөйт деп айыпташкан. Бул окуядан кийин Гончарук ага карата ири масштабдагы каралоо кампаниясы жүрүп жатканын билдирген.
Алексей Гончарук «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен бул кызматка президенттин программасын аткаруу үчүн келгем. Ал мен үчүн ачык-айкындуулуктун жана ак ниеттүүлүктүн үлгүсү болуп эсептелет», - деп жазган. Ал коомчулуктагы шектенүүлөргө чекит коюу үчүн отставкага кетүү чечимин кабыл алганын кошумчалаган.
36 жаштагы адвокат Алексей Гончарук премьер-министрлик кызматка 2019-жылы август айында дайындалган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52