KELECHEK
rek

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык рынок боюнча мыйзамдарды гармониялаштыруу жөнүндөгү Макулдашуу ратификацияланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык рынок боюнча мыйзамдарды гармониялаштыруу жөнүндөгү Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Бул Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында жалпы финансылык рынокту түзүү, финансылык кызмат көрсөтүү секторлорунда (банк секторунда, камсыздандыруу секторунда, баалуу кагаздар рыногунда кызмат көрсөтүү секторунда) иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензияларды өз ара таанып, камсыз кылуу жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин финансылык рыногуна дискриминация кылбай жетүү максатында иштелип чыккан.

Макулдашуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин банк, камсыздандыруу секторлорундагы жана баалуу кагаздар рыногунун кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын финансылык рынок чөйрөсүндөгү эл аралык принциптердин жана стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүнүн багытын жана тартибин аныктайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38