KELECHEK
rek

«12 жыл күтүү» тасмасы Тажикстандагы эрте кыйылган никелерди сынга алды

«12 жыл күтүү» тасмасы Тажикстандагы эрте кыйылган никелерди сынга алды

12-июлда Дүйшөмбү шаарында бет ачаары өткөн «12 жыл күтүү» тасмасы Тажикстандагы эрте кыйылган никелерди сынга алды. Фильмде Фаришта аттуу кыздын турмушу баяндалат. Ал ата-энесин угуп, мектепти бүтөрү менен күйөөгө тийип, бирок тагдыры талкаланып калат.

Тасманын режиссеру Мухиддин Музаффардын айтымында, алар фильмде үй-бүлөлүк зомбулукту жана кайын энелердин «кыялын» көрсөтүүгө аракет кылышкан. «21-кылымда биздин аялдарыбыз кул болуп калышы мүмкүн экенин элестетүүгө болот. Аял өз алдынча инсан болушу керек. Анын жеке көз караштары болушу керек», - деди ал.

Музаффардын пикиринде, билим деңгээли төмөн же билими такыр эле жок болгон айрым аялдардын балдары дагы тийиштүү тарбия албай, келечекте коомдун «баш оорусу» болуп калат. «Биздин коом, биздин балдарыбыз энелерибиздин ой жүгүртүү деңгээлинен көз каранды. Биздин кыздарыбыз жана аялдарыбыз үй-бүлөлүү болушу керек, бирок алар билимдүү дагы болушу зарыл. Маселенин бул жагы учурда орчундуураак болуп турат. Бул тасма кыздарына билим берүүгө каршы чыккан ата-энелерге арналган», - деп кошумчалады ал.

«12 жыл күтүү» мелодрамасынын режиссеру бул фильм каармандын жеңиши менен бүтөт деп билдирди. Фаришта көп жыл күтүп, күйөөсү Орусиядагы түрмөдөн чыккандан кийин аны менен ажырашып кетет. Бирок кийинчерээк жубайлар кайра баш кошкусу келип, психологдун кеңеши менен билим алып башташат.

Тасманын продюсери Дилошуб Орифзода айткандай, фильм чыныгы окуяга негизделип тартылган. Ал тасма тартылардан мурун зомбулукка кабылган кеминде 40тай аял менен сүйлөшүп чыккан. Фильмдин сценарийин түзүүдө алардын турмушундагы окуялар алынган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29