KELECHEK
rek

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара Саттаровага чек арадагы чыр-чатак учурунда өз милдеттерин аткарбаганы, жергиликтүү элге өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн катуу сын айтылды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдирди.

Ошондой эле Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен анын орун басарына Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевге түшүндүрүү ишин алып барбаганы үчүн эскертүү берилди. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев 15-январда Бишкекте Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыккан элге кошулуп нааразылык акциясында жүргөнү айтылды.

Координациялык кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары кармалган төрт киши мыйзам чегинде жооп берерин айтты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев чек арадагы акыркы окуяларда жергиликтүү бийлик өз милдетин аткарбаганын белгиледи.

Өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботбаев кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери тууралуу маалымат берип жаткан учурда кеңешмеден журналисттер чыгарылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41