KELECHEK
rek

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка жөнөтөт

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка жөнөтөт

Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси

Шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында президент Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоо тууралуу ишти Сенатка жөнөтүү боюнча добуш берүү болору күтүлүүдө. Бул тууралуу спикер Нэнси Пелоси билдирди.

Демократтар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо демилгесин декабрда эле колдогон. Анда президентке «Кызматынан кыянат пайдаланган» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан» деген эки айып тагылган.

Бул саясий жаңжал Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак Кошмо Штаттардын президенти Зеленскийди өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти бул дооматтарды четке кагып келет.

Эгерде импичмент иши Сенатка 15-январда жөнөтүлсө, Сенат аны ушул жуманын ичинде карашы мүмкүн. Демократтар көрсөтмө берүү үчүн Ак үйдө жогорку кызматта иштеген аткаминерлер менен улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Жон Болтон чакырылышы керектигин билдиришүүдө. Республикачылар болсо күбө катары Жо Байденди, анын Украинада иштеген уулун же Зеленский менен Трапмтын сүйлөшүүсүнүн мазмуну тууралуу маалымат берген атайын кызмат өкүлүн чакырышы ыктымал.

Бирок азырынча Сенатка күбөлөрдүн чакырылар-чакырылбасы так белгисиз. Буга чейин республикачылардын көбү Трамптын күнөөсү жок экенине ишене тургандыктарын жана жараян кыска болушу керектигин айтып чыгышкан. Трампты президенттиктен кетирүү үчүн 67 сенатордун добушу керек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52