KELECHEK
rek

"Свобода" радиосунун Москва бюросу 25 жылдык мааракесин белгилөөдө

“Свобода” радиосунун Москвада өкүчүлүгүн ачуу боюнча жарлыкка 1991-жылы 27-августта президент Борис Ельцин кол койгон. Мындай чечим Советтер Союзундагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кабыл алынган.

"Свобода" радиосу көз карандысыз адискөй журналистика катары өзгөрүп турган дүйнөдөгү кыйын кырдаал шартында өрнөк көрсөттү. Мындай пикирин чет элдик уктуруулар боюнча башкармалыктын (BBG) аткаруучу директору Жон Лэнсинг 25 жылдык маараке учурунда билдирди. BBG АКШдагы чет элдик берүүлөрдүн, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун камкор кеңеши болуп эсептелет.

Иш-чарага журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү америкалык дипломаттар, "Свобода" радиосунун авторлору жана достору катышты. “Эркин Европа/Азаттык” корпорациясынын директору Томас Кент “Свобода” радиосунун журналисттери айрым учурда оор шартта иштешерин белгиледи. Ага карабай, тең салмактуу, бейтарап журналистиканы кубаттап, жогорку эл аралык нормалардын жана Адам укуктарын коргоо боюнча жалпы декларациядагы принциптердин чегинде жумуш алып барышарын кошумчалады.

АКШнын Москвадагы элчиси Жон Теффт “Свобода” радиосу жана анын Москвадагы бюросунун ролун ошондой эле Орусия менен дүйнөдөгү окуяларды бейтарап чагылдыруудагы ордун жогору баалады. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосун “эркин прессанын гаранты” деп атап, орус кызматынын иши мурдагыдан дагы маанилүү экенин баса белгиледи.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...