KELECHEK

Өзбекстанда дагы бир иш менен камсыздоо агенттиги жарандарды алдап кетти

Өзбекстанда дагы бир иш менен камсыздоо агенттиги жарандарды алдап кетти

Өзбекстанда Rekrut Consulting work иш менен камсыздоо агенттиги 24 кишини жалпысынан 51 миң долларга алдап кетти.

Ташкент шаардык милициясы кабарлагандай, өзбекстандык жарандар бул агенттикке Швейцария жана Австрияда жумушка орношуу үчүн кайрылышкан. Агенттиктин кызматкерлери кызмат көрсөтүү үчүн алардан акча алып, бирок убадаларын аткарышкан эмес. Мындан соң алданып калган жарандар Интернет аркылуу видеокайрылуу жасашкан.

Маалыматка караганда, агенттикке кайрылган жарандарга 1700дөн 2600 долларга чейин айлык төлөнгөн жумуштар сунушталган.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Соңку мезгилде Өзбекстанда иш менен камсыздоо агенттиктерине алданып калган жарандардын саны көбөйүүдө. 2019-жылы ноябрда «Navoiy» агенттиги Түштүк Кореядан иш сунуштап, 211 кишини 67 миң долларга алдап кеткен. Жергиликтүү басылмалар 65 агенттиктин ичинен 30у чет өлкөгө бир дагы киши жөнөтпөгөнүн жазышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте дизайнер жана хореограф Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти

Ташкентте дизайнер жана хореограф Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти

Ташкентте белгилүү дизайнер жана модельер Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы...

Каракол: 33 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрт койду

Каракол: 33 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрт койду

Жабыркаган келиндин колдору.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 33 жаштагы аялга күйөөсү бензин чачып...

Каракалпакстанда муунтуп өлтүрүлгөн эне-баланын сөөгү табылды

Каракалпакстанда муунтуп өлтүрүлгөн эне-баланын сөөгү табылды

Каракалпакстандын Амударыя районунда 8-январь күнү 25 жаштагы аял жана анын эки жаштагы кызынын...

Иран: Кулаган учактагы 167 кишинин баары мерт болду

Иран: Кулаган учактагы 167 кишинин баары мерт болду

8-январь күнү эртең менен кеминде 167 жүргүнчүсү жана тогуз экипаж мүчөсү бар украиналык коммерциялык...

Өзбекстанда үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет кылган аял...

Өзбекстанда үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет кылган аял...

Ташкент облусунун Ахангаран шаарында үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет жасаган аял...

Кочкордо 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Кочкордо 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду

Мындай факт 1-январда Кочкор районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Нарын облустук милициянын...

Самаркандда мектеп директорунун орун басары окуучуну экинчи кабаттан...

Самаркандда мектеп директорунун орун басары окуучуну экинчи кабаттан...

Сухроб Каршибоев

Самарканд облусунун Иштихан районунда 10-класстын окуучусу мектеп директорунун...