KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен областынын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кечээ жакында эле Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле чек ара аймактарында мындай окуяларды болтурбоо үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, профилактикалык чараларды кабыл алуу зарылдыгы актуалдуу боюнча калууда.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы даяр экендигин билдирди. Жолугушуу эртең, 14-январда, чек ара аймагында өтө турганын маалымдады.

Кеңешмеге КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12