KELECHEK
rek

Чек ара чырында кармалгандарды бошотууну талап кылган пикет өттү

Чек ара чырында кармалгандарды бошотууну талап кылган пикет өттү

Жогорку Кеңештин алдында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кармалган кыргызстандык төрт адамды чыгарууну талап кылган нааразылык акциясы өттү.

«Чек ара» коомдук бирикмеси уюштурган пикетте милиция тарабынан кармалган төрт киши «тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганы» айтылды. Аталган коомдук бирикменин мүчөсү Бекназар Айталиев эл менен жолугушуу үчүн чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевге кайрылды.

- Негизги талабыбыз - төрт баланы бошотуп бергиле. Аларды камап, кысымга алуу менен Баткенде жашаган элге моралдык басым кылып жатышат, - деди Айталиев.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Расмий маалымат боюнча, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын төрт жараны кармалган.

Чек арадагы чатактан улам 10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 254 тургуну Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылып, абал турукташкандан кийин үйлөрүнө кетишти. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болчу.

Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты толугу менен четке кагууда.

Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон менен сүйлөшкөн. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү 14-январда жолугуп, маселени талкуулашат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13