KELECHEK
rek

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт башчы чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды

Мухаммедкалый Абылгазиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалга байланыштуу өлкөнүн күч түзүмдөрүн мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр кырдаалды жөнгө салуу жана чыңалууну жоюу үчүн вице-премьер Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасын такталганга чейин чагымга алдырбоо жана эл арасында түшүндүрүү маанилүү экенин белгилеген.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41