KELECHEK
rek

Кабарсыз кеткен кытайлык кыргыз студенттер

Кабарсыз кеткен кытайлык кыргыз студенттер

Тургунаалы Турсунаалы уулу (оңдо) жана Табылды Муратбеков. 14-май, 2019-жыл.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашуун кытайлык кыргыз студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келген эмес. Кыргыз бийлиги Кытайдан келип билим алып жаткан боордоштор тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

2019-жылы апрель айында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 40тан ашык кытайлык студент 2018-жылы жайкы каникулга кеткен бойдон окууга кайтып келбегенин билдирген. Учурда комитет бул кытайлык студенттерге байланыштуу эч кандай кабар жок экенин, дегеле Кыргызстандагы кытайлык кыргыздар жөнүндө маалымат чогултуу кыйын болуп калганын белгиледи.

2019-жылы жаз айларында «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитети» Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жүрүп, жайкы эс алууга кетип кайра келбеген 45 студенттин тизмесин түзгөн. Комитеттин өкүлү Марат Тагаев тизмедеги маалыматтар Бишкекте жүргөн кытайлык кыргыздардан алынганын айткан болчу. Анда Тагаев дайыны чыкпай жаткан 45 кишинин арасында жогорку окуу жайын бүтүп кеткендери бар экенин айткан эле:

- Алар Кытайга кетип келбей калган студенттерди тизмектеп беришкен. Маалымат боюнча 45 студент болчу. Бирок алар боюнча так кабар жок. Такталбаган маалыматтар боюнча алардын көбү «лагерге» кирип чыккан.

Учурда Бишкектеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кытайлык кыргыздар да бар. Алар журналисттер менен эмес, бейтааныш бирөө менен да сүйлөшүүдөн чочулашат.

2019-жылы апрель айында микрофонго сүйлөөдөн баш тартып, атын-жөнүн жашырган кытайлык кыргыз студент төмөнкү маалымат менен бөлүшкөн.

- Азыр сүйлөп берсек ал жактагы ата-энебизге зыяны тийип калат. Бул жакта калгандардын көбү эле жарандык алып алган. Бирок канчасы жарандык алган же канчасы ала элек экени айтылбайт. Анткени бири-бирибизге билдирбей эптеп жашап жатабыз. Кытайлык кыргыздар Улуттук консерваторияда, Улуттук университетте, «Манас» университетинде, Бишкек гуманитардык университетинде окуп жатышат. Азыр «Манас» университетинде окугандардын баары эле кетип, бирок келген жок. Бишкек гуманитардык университетиндеги жети баланын бешөө кетип, келген жок. 2017-жылы кеткен бир бала Үрүмчүдөн түшүп калган боюнча үйүнө да барбаптыр.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын Өзбекстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Түркиядагы жана Кытайдагы кыргыздарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 75 бюджеттик орун берилет. Министрлик кытайлык кыргыз студенттердин канчасы жайкы эс алууга кетип, келбей калганы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады. Буга чейинки расмий маалыматта 2016-2017-окуу жылдары он, 2017-2018-жылдары эки гана кытайлык кыргыз студент билим алууга келгени айтылат. Азырынча 2019-2020-жылдын маалыматы белгисиз.​

Кытайда жашаган башка аз улуттардын өкүлдөрүнүн арасында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабар 2018-жылы күз айларынан баштап тарай баштаган. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин» такталбаган маалыматына ылайык, Бээжин расмий түрдө «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. Кыргыз бийлиги бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53