KELECHEK
rek

Президент Алмазбек Атамбаев жана Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришти

Президент Алмазбек Атамбаев жана Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришти

Германиялык лидердин өлкөгө расмий визитинин алкагында болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришти.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Германия Федералдык канцлери менен жолугушуу 2012-2015-жылдары башталган эки тараптуу диалогдун уландысы экенин белгиледи. «Биз Федералдык канцлердин келгенине өтө кубанычтабыз. Германия Федералдык канцлеринин визити Кыргызстандын 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылга туш келгени абдан символикалуу окуя болду. Бүгүн Германия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана артыкчылыктуу мүнөзгө ээ», - деп  белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, Кыргызстан менен Германия ортосунда өзгөчө тарыхый байланыш бар. «Тарых эпкини менен биздин тоолуу мекенибизге келип отурукташып калышкан немистер Кыргызстандын тарыхына да, маданиятына да, экономикалык өнүгүшүнө да күчтүү таасир этишти. Биздин улуу сүрөтчүбүз Герценди, биздин композитор, алгачкы кыргыз операсынын автору Ферени эске салсак эле жетиштүү болот. Кыргыз ССР министрлер Кеңешинин төрагасы болгон биздин көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, чарбакер Иорданды жана, албетте, “Манас” эпосун алгачкы жолу кагазга жазган улуу окумуштуу Радловду биз эч качан унутпайбыз. Мындан 200 жыл мурда Германияда басылып чыккан бул китептин эки томдугу ар дайым менин иш бөлмөмдө турат», - деди Алмазбек Атамбаев. 

«Биз көптөгөн маселелерди абдан конструктивдүү жана ачык талкууладык. Менин оюмча, биздин мындан аркы кызматташтыгыбызды активдештирип, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган кадамдар анык болду», - деди Алмазбек Атамбаев.  

Мамлекет башчысы германиялык делегация тараптан көптөгөн суроолор болгонун белгиледи. «Мен Кыргызстанда бардык сфераларда: саясатта да, экономикада да болуп жаткан процесстер тууралуу Ангела Меркель айымды кабардар кылдым. Ушуга байланыштуу Кыргызстан өзүнүн демократиялык өнүгүү позициясында бек тургандыгын дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Демократиялык өлкөнү куруу, эркин адамдардын өлкөсүн куруу – биздин башкы милдетибиз. Биз ошондой эле регионалдык коопсуздук маселелерин да талкууладык. Диндин радикалдашуусунан келип чыккан проблемаларды, терроризм проблемаларын талкууладык. Бардык чөйрөлөрдө биздин ортобузда түшүнүшүү бар экенине мен, албетте, абдан кубанычтуумун.  Биз Кыргызстан Германия менен гана эмес, Европа Бирлиги менен да кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигибиз тууралуу да сүйлөштүк. Евразиялык өлкө катары биз Украинадагы кагылышуунун да, Россиянын Европа менен мамилесиндеги кризистин да кесепеттерин сезип жаткандыгыбызды айттым. Ошондуктан тараптар мүмкүн болушунча эртерек компромисс  таап, бир тилге келип, карама-каршылыктардын жоюлушун каалайбыз. Биз Европаны да, Россияны да компромисс табууга чакырабыз», - деди АлмазбекАтамбаев.

Мамлекет башчысы Германия Федералдык канцлеринин батыштан Лиссабондон тартып, чыгыштан Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык аймак пайда болушу үчүн Евробирлик менен Россия бара-бара жакындашуусу керек деген позициясын толук колдой тургандыгын билдирди. «Анан, албетте, түштүктө Бишкекке чейин», - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев. 

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга визит менен келгендиги үчүн Германия Федералдык канцлерине дагы бир жолу ыраазычылык айтты.

Өз кезегинде Германия Федералдык канцлери жылуу кабыл алуу үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты, ошондой эле өлкөнүн жарандык коомчулугу менен жолугушуу жана GIZ  менен биргелешип жүзөгө ашырылып жаткан долбоор менен таанышуу жакшы пикир калтырганын белгиледи.

«Мен азыр Кыргызстанда жолугуп жатканыбызга абдан кубанычтамын, ал эми сиз болсо Германияга эки жолу келип кеттиңиз. 2010-жылы Кыргызстан тандаган жолду абдан урматтайбыз. Быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгына 25 жыл толот. Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандады жана албетте, колдоого муктаж. Калк үчүн экономикалык өнүгүү маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү үчүн, жаштардын келечеги кең болушу үчүн жана квалификациялуу жаш адистер өлкөдө калышы үчүн баарын жасоо керек», - деди Ангела Меркель.

«Алты жүздөн ашуун кыргызстандык жаштар Германияда билим алып жатканы мени кубандырат, бул санды дагы көбөйтсө болот. Кыргызстан табигаты кооз өлкө, ошондуктан биз туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кандай өнүктүрүү тууралуу ойлонушубуз керек », - деди Ангела Меркель.

Германия Федералдык канцлери сүйлөшүүлөр учурунда маселелердин кең чөйрөсү, анын ичинде Кыргызстандагы этникалык азчылыктардын абалына тийешелүү маселелер да талкууланганын белгиледи. «Сиздердин өлкөдө коомдо оң роль ойногон немистердин этникалык азчылыгы жашайт. Мен да бүгүн кыргызстандык немистердин  өкүлдөрү менен жолугуштум », - деди Ангела Меркель.

Ал сүйлөшүүлөрдө билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү кызматташтык маселелери талкууланганын белгиледи. «Андан тышкары, ар кандай фондулардын алкагында KfW банкы келечекте кандай иштерди жасай ала тургандыгы жөнүндө сөз болду.  Атайын өнүгүү фондун түзүүгө болобу? Германиянын тышкы иштер министри биздин өкүлдөр менен бирге Кыргызстанга келип кеткен. Жакында Кыргызстанда немис экономикасы күндөрү өтөт», - деп, Ангела Меркель бул соода-экономика жана инвестиция жааттарындагы байланыштарды активдештирүүгө түрткү болорун кошумчалады.

Ангела Меркель Германия Европа Бирлиги менен Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну колдой тургандыгын билдирди. Федералдык канцлердин сөзү боюнча, Германия да, Франция да кырдаалды турукташтыруу максатында Минск келишимдерин жүзөгө ашырууну активдештирүүнүн үстүндө катуу иштеп жатат.

Сөзүнүн аягында Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырганы жана мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир жолу ыраачылык билдирип, өлкө элине зор ийгиликтерди каалады.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12