KELECHEK
rek

Жаңы жыл түнү милиция кызматкери бычакталды

Жаңы жыл түнү милиция кызматкери бычакталды

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери Майрамбек Абылов 1-январдын таңында бычакталып, ооруканага жетпей үзүлүп кетти.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиргендей, милициянын сержанты Абылов Ноокен районунун Арал айылына топ балдардын мушташына тааныштарынын чакыруусу менен барган учурда бычакталган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эки баланын атасы, 31 жаштагы Майрамбек Абылов 2013-жылдан бери ички иштер кызматында иштеп келаткан. 30-декабрда ал нөөмөттө болуп, 31-декабрда эс алууга чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, Абылов окуя болгон жерге милиция кызматкери катары өз милдетин аткаруу үчүн барган.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...