KELECHEK

Душанбеде Central Asia's Got Talent сынагынын жеңүүчүсүн тосуп алышты

Душанбеде Central Asia's Got Talent сынагынын жеңүүчүсүн тосуп алышты

Казакстанда өткөн эл аралык Central Asia's Got Talent сынагынын баш байгесин жеңип алган тажик ырчысы Чоршанбе Аловатов мекенине кайтып келди. Аны Душанбе аэропортунда жакындары, журналисттер жана көптөгөн күйөрмандары тосуп алышты.

22-декабрда Нур-Султанда өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында Аловатовго баш байге — 10 миллион теңге (26 миң доллар) тапшырылды.

Central Asia's Got Talent сынагынын финалдык бөлүгүнө 12 аткаруучу катышкан. Анда Чоршанбе Аловатов италия жана тажик тилдериндеги ырларды аткарган.

21 жаштагы жаш ырчы учурда Мирзо Турсун-заде атындагы Тажик мамлекеттик искусство институтунун студенти.

Central Asia’s Got Talent – Улуу Британиядагы Britain's Got Talent телешоусунун аналогу. Ушундай эле форматтагы берүүлөр дүйнөнүн дагы 70тен ашык өлкөсүндө тартылып келет. Got Talent реалити-шоунун дүйнөдөгү эң ийгиликтүү форматы катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Сынактын Борбор Азия үчүн уюштурулган версиясы быйыл сентябрда башталып, ага Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын өкүлдөрү катышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков балет бийчилери Надырбек уулу Канат...

Президент Сооронбай Жээнбеков балет бийчилери Надырбек уулу Канат...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу...

МАДАНИЯТ 2019-11-15  13:42

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз...

«Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан...

МАДАНИЯТ 2019-11-15  14:18

Президент Сооронбай Жээнбеков: Манас бабабыз калтырып кеткен улуу...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Манас бабабыз калтырып кеткен улуу...

«Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп...

МАДАНИЯТ 2019-09-21  20:08

Жалал-Абад шаарында комуз күнү белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында комуз күнү белгиленди (ФОТО)

Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад шаарында комуз күнү салтанаттуу түрдө...

МАДАНИЯТ 2019-09-09  15:51

Азия өлкөлөрүнүн жазуучулар форумуна Казакстандын бюджетинен 281...

МАДАНИЯТ 2019-09-05  17:58

Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук...

Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук...

МАДАНИЯТ 2019-05-27  18:46