KELECHEK
rek

Казакстанда активистти атууга шектелген акимдин соту башталды

Казакстанда активистти атууга шектелген акимдин соту башталды

25-декабрда Алматы облусунун Талгар райондук сотунда жарандык активист Галина Арзамасовага кол салуу фактысын териштирүү иши башталды.

63 жаштагы Арзамасованы август айынын аягында Талгар райондук акимчилигинин имаратынын жанынан атып кетишкен. Натыйжада ал жаракат алган.

Бул иш боюнча Панфилов айыл аймагынын мурдагы акими Нургали Аппазов менен анын айдоочусу Гани Смановго «Бейбаштык», «Ден соолукка атайылап зыян келтирүү» беренелери боюнча айып тагылган.

Соттук угуу учурунда эки тараптын тең адвокаттары айыптоочу акт менен макул болбой, ишти кайра кароо үчүн прокуратурага жөнөтүүнү сурашты.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу бейбаштыкты киши өлтүрүүгө аракет жасоо жөнүндө беренеге алмаштыруу керек деп эсептейт.

Судья тараптардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Арзамасова жана анын адвокаты сот курамына ишенбөөчүлүк билдирип, ишти башка сотко өткөрүп берүүнү талап кылды. Сот бул өтүнүчтү да четке какты. Кийинки соттук жараян 14-январга белгиленди.

Аймактагы жайыттар менен сугат суунун жетишсиздиги, жолдордун начардыгы тууралуу маселелерди көтөрүп, «жашыл аймактагы» жерлердин сатылышына каршылык билдирип келген Арзамасова буга чейин да бир нече жолу кол салууга кабылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53