KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгон аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта курман болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жубайын кабыл алды.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин жубайы — Мухайе Муминовага терең кайгыруу менен көңүл айтып, Равшан Муминов Мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын белгиледи.

Мамлекет башчысы аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланганын белгиледи. Ал Равшан Муминовдун эрдиги Мекенге чын ниет менен кызмат кылуунун жана чыныгы патриотизмдин үлгүсү экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылды.

Президент курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон колдоо көрсөтүлүп турарын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак-жай алуу үчүн 2 млн сом бөлүнгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13