KELECHEK
rek

Некролог - СССРдин эл артисти Шамшиев Болотбек Төлөнович

Некролог - СССРдин эл артисти Шамшиев Болотбек Төлөнович

Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Шамшиев Болотбек Төлөнович катуу оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышты.

Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева — белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1959-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтуна тапшырган. Ал студент кезинде окуп жүргөндө эле кинорежиссер Н. Шепиткону «Аптап» киносунда башкы ролду аткарып, Ч. Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынын негизинде кино тартып, кинодо өз чыйырын баштаган.

1964-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп жатып, өзүнүн дипломдук ишин даярдап, «Манасчы» илимий-популярдуу тасманы ийгиликтүү чыгарат. Анда улуу «манасчы» Саякбай Каралаевдин манас айтуудагы өзгөчөлүктөрү алкоого арзып, 1965-жылы «Манасчы» фильми Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Гран-Прини алган.

Б. Шамшиев «Манасчыдан» кийин «Чабан» аттуу документалдык фильм тартып, андагы жаш режиссердун сюжеттеги таамай табылган идеялары анын кийинки көркөм фильм тартуусуна кеңири жол ачат.

Залкар режиссерго алгачкы ийгилик жараткан  «Караш-Караш окуясы» (1968), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971) көркөм тасмалары болуп эсептелет. Бул фильмдер эл аралык деңгээлде коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

«Ак кеме» көркөм тасмасы (1975) — режиссер Б. Шамшиевдин, кыргыз улуттук кинематографиянын дүйнөлүк киного маанилүү салым кошкон, ири чыгармачылык жетишүүсү болгон. «Ак кеме» тасмасы 1976-жылы Фрунзедеги IX Бүткүл Союздук кинофестивалда баш байгеге, кийинки жылы — Трентодогу (Италия) ЭКФ сыйлыгына, ошондой эле, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

 «Эрте жазда келген турналар» (1979) тасмасы дагы Б. Шамшиевдин чыгармачылык биографиясында көрүнүктүү тасмалардын бири. Режиссер бул тасмасы аркылуу  анын чыгармачылык диапазону канчалык кеңири экенин көрсөткөн.

«Бөрү зындан» (1983) — советтик прокаттагы эң кассалуу тасмалардын бири болгон.  Бул — кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү анык аңгеме. «Бөрү зындан» көрүүчүгө жетишээрлик эмоционалдуу таасир берет жана аны терең ойлонууга мүмкүндүк берет.

1985-жылы Б. Шамшиев Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдогуловага арналган «Снайперлер» тасмасын тартуу үчүн «Казахфильмге» чакырылган.

Болот Шамшиев (1989-1995) Жогорку Кеңеште депутат, (1998-1999) Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн алдындагы туризм жана спорт агенттигинин директору катары мамлекеттик кызматта, ал эми 1999-2000-жылдары Бириккен Араб Эмираттыгында Кыргыз Республикасынын башкы консулу катары кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Болотбек Шамшиев 90-жылдары «Салам-Алик» киностудиясын түзүп, улуттук оюндарга, мелдештердин жайылуусуна көп күч жумшаган, 1996-жылы азыркы «Көк-бөрү» оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан.  «Манас» эпосунун миң жылдык мааракеси белгиленгенде, 1995-жылдагы эсте калаарлык күндөрдө көргөн абдан чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктар: Кыргыз ССРнын Ленин комсомол сыйлыгы (1969); Кыргыз ССРнын эл артисти (1975); СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977); СССРдин эл артисти (1991); III даражадагы «Манас» Ордени (1997); II даражадагы «Манас» Ордени (2006) менен сыйланган.

Кыргызстандын маданияты, чыгармачыл интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли,  кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон залкар кинорежиссер Болот Төлөнович Шамшиевдин жаркын элесин түбөлүккө сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Г. У. Калиева, М. И. Бакиров, К. А. Касымалиева К. А. Боронов, Ж. П. Разаков, А.С. Өмүрбекова, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, С. А. Кылжыев,   Садык Шер-Нияз, Ч. А. Айдарбеков,  К. А. Жунушалиев, М. Т. Жаманкулов, Б. Ж. Жеенбаева,  С. Т. Муканбетов, Э. У. Чодуев, Ж. С. Бейшенов, Н. С. Мирзахмедов,  К. А. Исаков, К. С. Чолпонбаев, А. К. Жаманкулов, У. Т. Кочкоров,  Э. Д. Тердикбаев, О.&nbs p;Н. Опумбаев, Э. К. Осмонбетов, Д. Д. Догоев, У. К. Жылкыбаев, А. А. Намазалиев, А. Э. Суракматов, Б. А. Алайчиев,  Б. Ж. Жакиев, М. Т. Байджиев, Ж. Сейдакматова, М. Мусаев, С. Ишенов, Г. С. Базаров, М. Абдиев, С. А. Раев, А. А. Абдыкалыков, А. Сүйүндүков, Ж. Соданбек, Б. Н. Карагулов, М. А. Бегалиев, Арым Кубат А., М. Сарулу, Т. К. Ибрагимов, Ч. Думанаев, Х. К. Кыдыралиев, Н. Мамбетова, З. А. Эралиев, Э. Борончиев, Ж. О. Кулмамбетов, М. Алиев,  А. Джангазиев, М. А. Бектеналие в, А Дайырбеков.

Маркум Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты  2019-жылдын 24-декабрында эртең мененки саат 10.00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13