KELECHEK
rek

2020-жылы «Ак-Жол» – «Кордай» бекети жабылат

2020-жылы «Ак-Жол» – «Кордай» бекети жабылат

2020-жылы реконструкциялоо иштерине байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат.

Бул тууралуу 19-декабрда Кыргызстан менен Казакстандын депутаттар тобунун жолугушуусунда белгилүү болду. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, Казакстандын мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко эмки жылы «Кордай» бекетин оңдоо иштери башталарын айткан. Ушундан улам каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет.

Ошондой эле «Ак-Тилек» – «Кара-Суу» өткөрмө пунктунан жалаң жүк ташыган автоунаалар каттагандыктан, анын көпүрөсүндө да көйгөй бар экенин, ага да көңүл буруу зарыл экенин билдирген.

Казакстандын расмий маалыматы боюнча эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.

Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча ачыла элек. Казак тарап бул пункттардын жабылышына чек арадан өткөн элдин жана автоунаалардын аздыгын жүйө келтирген.

Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам, 465 миңге чукул автоунаа өтөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38