KELECHEK

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кимдер жана кантип ала алышат?

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кимдер жана кантип ала алышат?

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрында жаңыдан кабыл алынган “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамынын негизинде эки түрдө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Камашов билдирди.​

Анын берген маалыматына караганда, консультациялык-укуктук жардам – бул Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо, укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу, квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына жатпай турган жардамдардын башка формалары кирет.

Ал эми квалификациялуу юридикалык жардамды – бул жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарына мамлекеттин эсебинен өкүлчүлүк кылуу, же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик ишин атоого болот.

 Квалификациялык юридикалык жардам кимдерге берилет?

Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун   региондор аралык бөлүмүнүн башчысы Эрмек Камашовдун маалыматына караганда, квалификациялуу юридикалык жардам берүү боюнча Жалал-Абад облусунда 44 адвокат мамлекеттик реестрге кирген жана Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардам тутумунда кесиптик иштерди алып барышат. Жалал-Абад шаарында – 17, Сузак менен Базар-Коргон райондорунда 7ден, Ноокен районунда – 3, Кара-Көл шаарында жнаа Чаткал районунда бирден, ал эми Таш-Көмүр шаарында жана Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда 2ден адвокат бар.

Ушул эле жылдын 11 айына, отчёт боюнча жалпысынан 1312 жараныбызга юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинен 1182 жазыктык (кылмыш), 130 жарандык иштери боюнча. Жогоруда аталган Мыйзамда каралгандай, квалификациялуу юридикалык жардамды төмөнкүлөр ала алышат:

 - Жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлер, жоопкерлер, шектүүлөр, айыпталуучулар, соттолуучулар, соттолгондор, акталгандар, жабырлануучулар жана жашы жете элек күбөлөр. Бул деген, мисалга алсак, бир жылдык кирешеси 100 миңден ашпаган болсо. Көрсөтүлгөн өлчөм республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын негизинде жыл сайын өзгөрүлүшү мүмкүн.

Жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам кимдерге берилет?

- Жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) адамдарга кармалган учурларда;

2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;

3) I жана II топтогу майыптуулугу бар адамдарга;

4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;

6) жашы жете электерге - алардын кызыкчылыктарында;

7) жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;

8) энеси жок жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адамдарга - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;

9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

10) мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлөт, - дейт Э.Камашов.

“Бир куржун кийиктин этин жок кылган” деп соттолгон токойчу акталды

Квалификациялуу юридикалык жардам берүү максатында арыз ээси менен адвокаттын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы бул - координатор. Ар областарга бирден координатор дайындалган. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж болгондор коордитаторго же адвокаттарга белгиленген формасындагы арыздын негизинде кайрылышат.     

Жалал-Абад облусунда  квалификациялуу юридикалык жардам берүү боюнча мамлекеттик реестрге кирген Кадырмамат Сейдахматов 2017-жылдан бери сотто адвокат  катары кесиптик иштерди алып барып келе жатат. Ал кезметке барган учурда Тогуз-Торо районунун жараны Көчкөнбай Асыйбеков жардам сурап кайрылган. Жардам сурап кайрылган жарандын ишин Тогуз-Торо райондук соту эки жолу карагандыктан, аны иши Сузак райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Ал бул иш боюнча өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

- Бизде график түзүлгөн, ошол график боюнча кезметке турабыз. Жарандык иш болобу, кылмыш иш болобу соттун ишине катышабыз. 2018-жылы график боюнча мени чакырышты, бардым. Анан менин кезметимде Тогуз-Торонун жараны К.Асыйбеков арыз менен кайрылды. Анын арызынын негизинде Сузак райондук сотуна барып, дело менен толугу менен таанышып чыктым. Эмне себептен Асыйбеков бир соттолот, бир акаталат? Ошонунун себебин билүү үчүн толугу менен иш менен таанышып чыгууга туура келди. Көчкөнбай Асыйбеков Тогуз-Торо районундагы Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркында токойчу болуп иштеп туруп, 2017-жылдын 4-февралында кечки саат 20:30 чамасында мыйзамсыз аңчылык кылып, кийиктин этин атып келе жаткан браконьерлерди  кармаган учурда, өз убагында Акты түзгөн эмес? - деп сот жоопкерчилиге тартууга прокуратура органы кызыктар болгон. Токойчу К.Асыйбеков барконьерлерди кармаганда, кыштын ызгар суугу болуп, айлана караңгы болгон жана күбө боло турган адамдар болгон эмес. Ал ошол эле учурда мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчилигине билдирген. Браконьерлер көпчүлүк болгондуктан качууга жетишип, бирөөсү гана куржундагы кийиктин этин жана мылтыгын таштап качып кеткен. Ошол учурда Акты түзгөнгө адам да, шартта болбой Акты түзө албай калган. Эртеси токойчулар, жетекчилери, эсепчиси келип, окуяны аларга айтып берет. Директор Молдобаев атыңды берип тур, мергенчи Жапаркуловго барып келейин дейт. Ал атты минип алып, мергенчиге кетет. Директордун орун басары болуп, Актыны түзөлү деп жатышса, директор телефон чалып, Актыны түзбөгүлө дейт. Актыны эртең кеңсеге барып түзөбүз дейт да, ошентип Акты түзүлбөй калат. Молдобаев этти эртең РИИБнө тапшырасыңар дейт. Эки күн өткөндөн кийин, ал бир куржундагы этти, мылтыкты РИИБнө алып барса, ишемби күн болуп калган үчүн куралды алышат да, куржундагы этти албай коюшат. Дүйшөмбү күнү этти 3,5 килограммын РИИБнө алып барып тапшырат, экспертизадан өткөрөт. Асыйбеков мага көңүл бурбай жатышат, милиция да, прокурор да браконьерлер тарапта болуп жатат деп, калган 1,5 кг этти Бишкекке Токой чарба министрлигине, ИИМне алып барам деп алып кетип жатканда, аны кармап алышып Акты түзүшөт. Ошентип, браконьерлер, укук коргоо органдары бир тарап болуп, Асыйбековду күнөөлүү адам катары “Мамлекет ишенип берген мүлктү жок кылган” - деп күнөөлөп, жоопко тартууга өтүшкөн.

Асыйбековдун фунционалдык милдеттеринде уюштуруучулук-тескөөчүлүк администрациялык чарбалык, контролдук ревизиялык милдеттери жок болгондуктан, ал кызмат адамы болуп эсептелбейт. Ошондой эле, Асыйбеков өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалангандыгы, мамлекеттин мыйзамы тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келгендиги, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алгандыгы, кызмат абалынан пайдаланганы далилденбеген, жана айыптоочу тарап Асыйбековдун күнөөсүн далилдеген негиздерди сотто келтире алган жок. Ошол себептен, Сузак райондук, Жалал-Абад облустук жана Жогорку сот актоо өкүмдөрүн чыгарды, -дейт адвокат К.Сейдахматов.  

Мына окурман, 3,5 кг кийиктин этин жок кылган деп токойчу Асыйбековду жоопко тартууга кызыктар болуп, браконьерлердин таламын жактаган прокуратура органынын чеңгээлинен Мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамдын көмөгү зор богондугун - бул аталган мыйзамдын эң жакшы жардамы деп атоого болот.

 Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тарых – тактыкты талап кылат! (ФОТО)

Тарых – тактыкты талап кылат! (ФОТО)

Бүгүн Апрель элдик революциясына 10 жыл болду. Мына ушул окуя өлкөбүздүн соңку тарыхындагы өзгөчө...

АНАЛИТИКА 2020-04-07  18:21

Улуттук “нарктуу” баалуу кийимдердин автору Шарапова Наркан...

Улуттук “нарктуу” баалуу кийимдердин автору Шарапова Наркан...

Жалал-Абад шаарындагы дизайн-этнографиялык окуу борборунун директору Шарапова Наркан...

АНАЛИТИКА 2019-10-30  23:44

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат...

Сузактык байбичелер жүндү иштетүүнүн усулун жаштарга үйрөтүп жатышат...

Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагында жашы улгайган пенсиядагы аялдардан "Өз ара...

АНАЛИТИКА 2019-10-28  13:44

Уран калдыктары бизге Союз учурунан “белек” болуп калган (ФОТО)

Уран калдыктары бизге Союз учурунан “белек” болуп калган (ФОТО)

Уран калдыктары сактоочу жайлар – Кыргызстандын, Жалал-Абад облсунун же Майлуу-Суу шаарынын,...

АНАЛИТИКА 2019-10-18  11:49

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Улуттук донорлор күнүнө карата Кызыл ай коому тарбынан 27-сентябрда Барпы театрында облусубуздун...

АНАЛИТИКА 2019-09-22  19:10

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Акыркы мезгилдерде  дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү ар кандай табигый кырсыктардын...

АНАЛИТИКА 2019-08-26  09:21

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11