KELECHEK
rek

Өзбекстанда сабактар мектептин ажатканасында өткөрүлгөн

Өзбекстанда сабактар мектептин ажатканасында өткөрүлгөн

Өзбекстандын Каган шаарындагы 9 мектептин ажатканасы окуу классы катары пайдаланылганын Бухара облустук акимчилиги ырастады.

14-декабрда социалдык түйүндөрдө Каган шаарындагы мектептин ажатканасында окуучулар билим алып жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1986-жылы 1051 окуучуга ылайыкташтырылып курулган мектепте учурда 1553 окуучу билим алууда. Буга байланыштуу ажаткана жана ванна бөлмөлөрүнүн бири класска ылайыкташтырылып оңдоодон өткөрүлгөн.

— Үч кабаттын ар бир кабатында ажаткана жана ванна бөлмөлөрү бар. Алардын экөөсү иштебей турган. Болжол менен бир ай мурда класстан тышкаркы сабактарды өтүү үчүн ажаткана бөлмөсүнүн бирөөсү оңдолгон. 13-декабрда ал бөлмөдө өзбек тили сабагы өткөн. Социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөр ошол сабакта тартылып алынган, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматтарга караганда, облустагы Элдик билим берүү башкармалыгынын өтүнүчү менен ажаткана бөлмөсүн окуу классы катары пайдалануу токтотулду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30