KELECHEK
rek

Тажикстан ТИМ башчысы: «Ишкобод» тозотуна кол салуу учурунда аялдар менен балдар дагы өлтүрүлгөн

Тажикстан ТИМ башчысы: «Ишкобод» тозотуна кол салуу учурунда аялдар менен балдар дагы өлтүрүлгөн

Тажикстандын «Ишкобод» чек ара тозотуна кол салуу маалында өлтүрүлгөн террорчулардын арасында аялдар менен балдар болгон. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Брюсселде өткөн Тажикстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин жыйынынан кийин билдирди.

—20 адамдан турган куралдуу топ чек ара тозотуна кол салып, Калашников үлгүсүндөгү беш автоматты тартып алган. Атайын операциянын жүрүшүндө алардын көбү өлтүрүлүп, бешөөсү камакка алынган. Тилекке каршы, террорчулар кол салууда аялдар менен балдарды дагы колдонушкан. Бизде тандоо болгон эмес, — деди министр.

Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы «Ишкобод» чек ара тозотуна куралдуу кол салуу 6-ноябрга оогон түнү болгон. Андан 15 жоочу жок кылынып, бешөө кармалган. Тажик бийлиги чабуул учурунда бир милиционер жана бир чек ара кызматкери өлтүрүлгөнүн расмий маалымдаган. Ошол эле маалда «Азаттыктын» тажик кызматы өз булактарына таянып, беш чек арачы жана бир милиционер курман болгонун жазган.

Кол салуудан эки күн өткөндөн кийин чабуул үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террор тобу мойнуна алып, 10 чек арачы өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...