KELECHEK
rek

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук конференциясы өттү

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук конференциясы өттү

«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу жогорку даражалуу коноктор, биздин өнөктөштөрүбүз!

Айымдар жана мырзалар!

Меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер, алыстан ат арытып келгениңер үчүн рахмат айтабыз.

Сиздер менен кайрадан жолугушуп жатканыма абдан кубанычтамын.

Сиздердин Кыргызстанга карата болгон достук мамилеңерге, тыгыз кызматташтыкка даяр экениңерге ыраазылык билдиребиз.

Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен ири долбоорлор ишке ашырылды.

Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ири инфраструктуралык долбоорлорду колдонууга бердик.

Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташуунун негизинде энергетика, жолдорду куруу, инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке киргизилди. 

Эл аралык валюта фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча арбын көмөк көрсөттү.

Бириккен улуттар уюмунун агенттиктери Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө баа жеткис салымын кошту.

Учурда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана экология маселери боюнча региондордо иш алып барышууда.

Таза суу жана ирригация долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдар аркылуу ишке ашырылууда.

Эки тараптуу негизде Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Түркия, Европа мамлекеттери, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт жана башка өлкөлөр менен иш алып баруудабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу биздин өнөктөштөрүбүз!

Айымдар жана мырзалар!

Бүгүн биз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маселелерди бирге талкуулоо үчүн чогулдук.

Бүгүнкү Форумду өткөрүү тууралуу чечимди былтыркы жолугушуубузда кабыл алдык эле.           

Ошондо донорлордун жардамын координациялоо боюнча диалогду күчөтүүнү жана сиздер менен туруктуу негизде жолугуп турууну чечкенбиз.

Бүгүнкү Форумда өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн жакынкы келечекте кайсы багыттарга артыкчылык берилээри тууралуу сүйлөшүүнү чечтик. 

Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу.

Сиздер Кыргызстанды узак жана орто мөөнөттүү мезгилде өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары кабыл алынганын жакшы билесиздер.

Стратегияны ишке ашыруу үчүн, сиздер менен чогуу, бирге кыла турган, өлкөбүз үчүн өтө зарыл, артыкчылыктуу иш-аракеттерди тагыраак белгилеп кетүүнү чечтик.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Өткөн жылдын ичинде өлкөбүздөгү бардык стратегиялык жана концептуалдык документтер 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясынын негизги багыттарына ылайык келтирилди.

Бийликтин бардык бутактарынын келечекке багытталган программалары Улуттук стратегиянын жоболору менен үндөш мүнөзгө ээ болду.

Ушул узак мөөнөткө багытталган улуттук Стратегияда 2018-2023-жылдардагы өнүгүүнүн артыкчылыктары биринчи этап катары өзүнчө аныкталган.

Бүгүн ушул багыттарга өзгөчө көңүл буруп, алар тууралуу кененирээк сөз кылуу зарыл.

Анткени, ушул мөөнөттү конкреттүү караганда гана каржылоонун масштабын жана анын ички жана тышкы булактарын так аныктоого мүмкүндүк алабыз.

2023-жылга карата кандай иштерди аткарабыз?

Биринчиден, региондорду өнүктүрүү — орто мөөнөттүү мезгилдеги эң башкы максатыбыз бойдон калат. Бул багыт боюнча келечекте аткара турган милдеттерибизге төмөнкүлөр кирет.

Туруктуу жумуш орундарын түзүү үчүн региондук долбоорлорду колдоо максатында финансы институттарынын жана фонддордун иши күчөтүлөт.

Бюджеттер аралык мамилени реформалайбыз, биринчи кезекте, жергиликтүү бюджеттин дараметин жогорулатып, дотациялык аймактарды азайтууга басым жасалат.

20 таяныч шаарларды даректүү колдоо менен, бул шаарларда индустриалдык парктарды жана өнөр жай кластерлерин түзүү — маанилүү багытыбыз болот.

Келечекте туруктуу иштеп кете турган долбоорлорду жер-жерлерде ишке ашырууга түрткү беребиз.

Ар бир регионду адистештирүү аркылуу анын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмүн күчөтөбүз.

Сиздер билгендей, региондорду өнүктүрүү, инфраструктураны оңдоо, аймактардагы ишкерлерди колдоо, социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо иштерине ички резервдерди толук пайдаланып жатабыз.

Кыргыз-Орус фондусу, Айыл банк, РСК банк, мурда элетке дээрлик көңүл бурбай келсе, азыр алардын каражатынын 80 пайызы элетке бурулду.  Кепилдик фонду да аймактардагы долбоорлорго артыкчылыктуу мамиле кылууда.

Мындан тышкары, аймактардагы жарандык коом активдешип, жергиликтүү ишкерлер, жаштар коомдору, сыртта иштеп жүргөн мекендештер кичи мекенине жардам берип, көптөгөн иштер бүтүүдө. Ачыгын айтайын, жергиликтүү бийлик активдүү болгон облустарда, райондордо ички резервдер, ички мүмкүнчүлүктөр аймактарды өнүктүрүүгө бурулууда. 

Региондордо жеке секторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Чакан, орто ишкердикти колдойбуз.

Ал үчүн „Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү“, „Долбоорлорду даярдоо“ фонддорун ишке киргизүү жана кластерлерди түзүүнү максат кылуудабыз.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү-текстиль өндүрүшү жана туризмди өнүктүрүү боюнча кластердик багыттарга өзгөчө маани беребиз.

Экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү — артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет. 

Экспортко багытталган кайра иштетүүчү ишканаларды атайын кредиттик линиялар менен колдойбуз.

Текстиль — тигүү өнөр-жай парктарын, технополистерди куруу жана алардын алкагында ири ишканаларды түзүү — приоритеттүү маселе бойдон калууда.

Туризм кластерин өнүктүрүү максатында быйыл „Ачык асман“ саясатын жарыяладык.

Туристтик инфраструктураны оңдоо, региондордогу аэропортторду оңдоп түзөө иштерин тездетүү керек.

Жакынкы жылдары „Таза суу“ долбоорун ишке толугу менен ашыруу — негизги максатыбыз. 

2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет, 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл.

Анын ичинде 207 айылга каржылоо булактары аныкталган.

Каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар, аларга таза суу киргизүү үчүн жалпысынан 481 млн. долларга жакын же 34 млрд. сом талап кылынат.

Бул каражаттын 450 млн. доллары донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталды.

Кыргызстандагы дагы бир көйгөлүү маселе — айыл-шаарларда саркынды суудан тазалоо системасын киргизүү. Бул маселе — Ысык-Көлүбүздүн тегерегинде өтө көйгөйлүү.

Учурда 20 шаарда таза жана саркынды суу боюнча иштер башталды, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калууда.

Ирригацияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу — абдан маанилүү. 

Бул программаны 2026-жылга чейин үч этапка бөлүп аткарабыз. Биринчи топко кирген 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган.

Экинчи топко кирген 14 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат.

Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2024-жылга чейин ишке ашат.

Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет.

Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот.

Калган 3-топтогу 12 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат. 

Ирригацияны өнүктүрүү программасынын алкагында жалпысынан 46 суу чарба объектисин куруу жана реабилитациялоо каралган.   

Бул программа боюнча талап кылынган сумманын жалпы көлөмү дээрлик 59 млрд. сомду түзөт.

Экинчи, экспортту өнүктүрүү — артыкчылыктуу багытыбыз.

Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча атайын программасы кабыл алынды. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо долбоору бекитилди.

Орто мөөнөттөгү убакытка биз тигүү өнөр-жайын жана эт, сүт, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү багыттарын приоритет катары тандап алдык.

Негизги көйгөй — экспорттук өндүрүш үчүн узак мөөнөттүү арзан каражаттардын жетишпей жаткандыгы.

Ушул үчүн экспорттук операцияларды каржылоо боюнча атайын финансы институтун түзүү зарылдыгы жаралды.   

Экспортту өнүктүрүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу маселесине өзгөчө басым жасалат.

Кыска мөөнөттүн ичинде бирдиктүү терезе принциби аркылуу инвестициялык долбоорлорду коштоонун механизмдери киргизилет.

»Бизнести алып баруу« жана „Трансперенси интернешнл“ рейтингтеринде Кыргызстандын позициясын жакшыртууга багытталган иш чараларды тез арада иштеп чыгабыз.

Инвестиция тартуунун жаңы инструменттерин, анын ичинде, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин кеңири жайылтабыз.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу менен энергетика, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, туризм тармактарындагы долбоорлор колдоого алынат.

Үчүнчү, өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган ири улуттук долбоорлор ишке ашырылат.

Энергетика тармагындагы негизги максатыбыз — биздин гидроэнергетикалык ири потенциалыбызды колдонуу менен өлкөнүн электр энергияга болгон ички муктаждыктарын жабуу жана башка өлкөлөргө экспорттоо.

CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат.

Бизге иштеп жаткан гидроэнергетикалык объекттерди масштабдуу реконструкциялоо жана жаңыларын куруу милдети турат. 

Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет.

Бул иштерди аткаруу үчүн 4,5 млрд доллар талап кылынат.

Бул долбоорлорду ишке ашырууда энергетика тармагында объектилерди куруу жана жаңы технологияларды тартуу боюнча тажрыйбасы бар эл аралык финансы институттарынын ролу биз үчүн абдан маанилүү.

Андан тышкары эл аралык институттарды бизге чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырам.

Жашыл энергетиканы өнүктүрүү — биз үчүн жаңы, бирок абдан зарыл багыт.

Ошондуктан өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна муктажбыз.

Төртүнчү, өлкөбүздүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, ал үчүн жолдордун сапатын жакшыртуу жана жаңы жолдорду салуу — биз үчүн абдан актуалдуу.

Азыркы учурда 13 магистралдык жолдордо курулуш иштери жүрүп жатат.

Жол куруу долбоорлоруна республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүүдө.

Ошону менен бирге донорлор тарабынан колдоого муктажбыз.

Түндүк-Түштүк автожолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 млн. доллар акча каражаты талап кылынат.

Тараз–Талас-Суусамыр автожолунун 4-фазасын курууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Туризмди өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ысык-Көл „шакекче жолун“ долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.  

Түп-Кеген унаа жолун 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда.

Бул жолдун аякташы менен туристтик зонабызга келүү үчүн коңшу мамлекеттин жарандары үчүн да бир кыйла ыңгайлуу шарттар жаралат, соода-экономикалык карым-катнаш жакшырып, туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болот.

Эл-аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгѳ жалпысынан 500 млн. доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат.

Жол тармагындагы эң ири долбоор — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу.

Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөрүбүз тарабынан колдоого ээ болуусу — абдан актуалдуу.

Дагы бир ири долбоор — бул Манас аэропортун модернизациялоо.

»Манас« аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынууда.

Бешинчи, биз үчүн өлкөнү санариптештирүү — абдан актуалдуу маселе болуп саналат.

Санариптештирүү — жарандарыбызга сапаттуу мамлекеттик кызматтар көрсөтүү үчүн гана эмес, коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү куралы катары да керек!

»Түндүк« электрондук системасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн басымдуу көпчүлүгүн электрондук форматка которуу — келе жаткан жылдын башкы приоритеттери.

Санариптештирүүнүн толук натыйжасына жетүү үчүн Кыргызстандын бүткүл аймагын жалпы кеңири тилкелүү жана мобилдүү интернет менен камсыз кылуу керек.

Бул үчүн Санарип CASA долбоорун ишке ашыруу өтө маанилүү.

Өлкөнүн энергопотенциалы — регионалдык дата-борборун куруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Жер-жерлерде электрондук муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн „Санарип аймак“ платформасын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Алтынчы, саламаттыкты сактоо, адам капиталын өнүктүрүү — эң артыкчылыктуу багытыбыз.

Саламаттык сактоо багытында олуттуу реформалар башталат.

Жашаган жерине карабастан, жарандар үчүн саламаттык сактоонун негизги кызматтары жеткиликтүү болот.

Биз мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирип, баштапкы медициналык жардамды өнүктүрөбүз.

»Күчтүү үй-бүлөлүк медицина« улуттук долбоорун ишке ашырууну максат кылуудабыз.

Инновациялык технологияларга негизделген үй-бүлөлүк медицинаны каржылоо зарыл.

Онлайн теле-консультация, телемедицина, электрондук төлөмдөр сыяктуу жаңы кызмат көрсөтүүлөр киргизилет.

Ар бир облуста баштапкы медициналык-санитардык жардамды жаңылоо жана чыңдоо башталат.

Коомдук саламаттык сактоо кызматынын функцияларын күчтөнтүү жана кеңейтүү зарыл.

Ден соолукка коркунуч жаратчу жагдайларды алдын алып, аларды болтурбоо боюнча бирдиктүү улуттук системасын түзүү зарылдыгы келип чыкты.

Калктын ден соолугун профилактика кылууга жана оорулардын алдын алуу принцибине өтөбүз.

Ар бир региондо кесипкөй кадрлар, заманбап жабдуулар, транспорт менен камсыздалган кечиктирилгис жардам бөлүмдөрү болушу керек.

Бишкек шаарында медициналык тез жардамдын автоматтык маалыматтык системасы киргизилди, ал республиканын ири шаарларына жайылтылат. „Дени сак шаарлар жана айылдар“ улуттук долбоорун ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр тарабынан колдоону күтөбүз.

Жетинчи, билим берүүгө артыкчылыктуу багыт берилет. Бардык региондордо мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Мектептерде алдыңкы технологиялары кеңири колдонулат. Жайгашкан жерине карабастан, бардык мектептер заманбап, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болот.

Билим берүү системасында так жана техникалык адистиктерге, көп тилдүү, инновациялык окутуу ыкмалары жайылтылат.

Жаңы технологияларды өздөштүрүүгө багытталган кесиптерге даярдоого артыкчылык беребиз.

Эмгек рыногунун талабына жооп берген, сапаттуу билим берүү системасын калыптандырууга багытталган реформаларды ишке ашырабыз.

Каржы каражаттарын башкарууну натыйжалуу кылып, билим берүүнүн сапаты боюнча реалдуу натыйжаларга жетебиз деген максаттарыбыз бар. 

Сегизинчи, социалдык коргоо системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылабыз.

Интернаттык мекемелерге альтернатива болгон социалдык кызматтарды өнүктүрөбүз. Ар бир баланын үй-бүлөлүк чөйрөнүн шартында жашоосуна жетишип, интернат мекемелердеги балдардын санын азайтууга умтулабыз.

Иш менен камсыз кылуу системасын реформалоо менен, социалдык контракт ыкмасын республиканын бардык региондорунда кеңейтебиз.

Мезгилдин талабына ылайык, жумушсуздарды эмгек ыкмаларына окутуу боюнча технологияларды киргизүүнү максат кылуудабыз.

Жарандарыбызды эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берген квалификациялардын системасы жана компетенциялардын стандарттары киргизилет.

Жаш ишкерлердин стартап долбоорлорун колдоо механизмдерин киргизүүнү колго алабыз.

Тогузунчу, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жигердүү улантылат.

Биз Кыргызстандын өнүгүүсүнө шарт түзө турган укуктук системаны түзүп жатабыз. Мунун далилин биз өнүккөн мамлекеттерден көрүп жатабыз.

Соттук-укуктук реформа — бул келечек үчүн керектүү реформалардын бири, анын концепциясын иштеп чыктык.

Ал эски соттук-укуктук системадан алыстатып, укуктук жөнгө салуунун эл аралык стандарттарына жакындатты.

Бирок жаңы мыйзамдарды ишке ашыруу процесси жай жүрүп жатат.

Биз бул реформаны тездетебиз, мында бизге колдоо керек.

Онунчу, коопсуздук маселелери өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Чек ара аймактарын экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен атайын программаны биргелешип иштеп чыгуу зарыл. 

Чек араны чыңдоого комплекстүү колдоо керек.

Коомубуздун коопсуз өнүгүүсүнө багытталган укуктук реформаларды ишке ашырабыз.

Аны менен катар жаңы Мамлекеттик антикоррупциялык стратегияны иштеп чыгабыз.

Мамлекеттик органдарда жана экономиканын конкреттүү тармактарында коррупциянын деңгээлин өлчөө боюнча улуттук методологияны иштеп чыгып, колдонууга киргизебиз.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Биз адам укугун коргоо, саясий плюрализмди, сөз эркиндигин камсыз кылууга багытталган жолубуздан кайтпайбыз.

Мамлекетибизди туруктуу демократия жолунда өнүктүрүү шайлоо системасына элдин ишеними болгондо гана мүмкүн болот.

Азыркы мезгилде демократиялык шайлоо системасын өнүктүрүүнүн жаңы этабына келдик.

Улуттук шайлоо системасын мындан ары өнүктүрүү, аны максималдуу түрдө демократиялуу кылып, эркин шайлоонун механизмдерин чыңдоо, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, ачык-айкын шайлоо өткөрүү максатын койдук.

Өлкөдө тынчтык, ынтымак болгондо гана мамлекетибизге донорлордун ишеними артат.

Биз бул баалуулуктарды терең түшүнөбүз.

Ошондуктан, адам укугун жогору койгон мамлекеттик саясатыбызды мындан ары бекемдейбиз.

Урматтуу биздин өнөктөштөрүбүз,     

Сиздер менен биргеликте өнүгүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келебиз.

Биздин кызматташуубуз — өз ара түшүнүү менен жана конструктивдүү негизде уланып жатат.

Таза суу, ирригация багытында, энергетика чөйрөсүндө, жол курууда, билим берүү жана саламаттыкты сактоодо ири долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуубуз жакшы жемиштерин берип жатат.

Глобалдык туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүү, экологияны коргоо жана жашыл экономика принциптерин өнүктүрүү багыттарында чогуу иш алып баруудабыз.

Мен долбоорлордун айрымдарына гана токтолдум.

Улуттук долбоорлордун толук тизмеси Өнүктүрүү Стратегиясында камтылган, алар тууралуу сиздер кабардарсыздар.

Урматтуу өнүгүү боюнча өнөктөштөр,

Кыргызстан 2030-жылга чейинки Глобалдык Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын алкагында өзүнө милдеттенмелерди алган.

2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусу ратификациядан өттү.

Тиешелүү мыйзамга өткөн жумада кол койдум.

Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүктүрүүнүн он жети максатын ишке ашырууга өзгөчө маани берет жана бул максаттар 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү стратегиясына киргизилгенин баса белгилейм. 

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү тууралуу Улуттук ыктыярдуу отчетту 2020-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун аянтчаларында беребиз.

Кыргыз Республикасы курчап турган чөйрөгө зыян алып келген инвестициялык долбоолордон оолак болуу идеясын жактайт.

Биз эл аралык климаттык фонддордон, анын ичинде курчап турган чөйрөнү коргоо фонддорунан ресурстарды тартуу боюнча процесстерди активдештиребиз.

Узак мөөнөттүү финансы ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу үчүн жашыл жана туруктуу финансылоо принциптерин ишке киргизебиз. 

Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдарды болтурбоого карата адаптациялоо боюнча өзүнчө иш жүргүзүлөт.

Стратегиялык реформаларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана жыйынтыктарын байкап туруу — абдан чоң мааниге ээ.

Биз улуттук мониторинг системасын киргизип жатабыз.

Стратегиялык максаттарды системалаштырууда жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүдө донордук коомчулуктун мол тажрыйбасын жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, бул багытка активдүү кошулууга чакырам.

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары!

Биз өзүбүздүн потенциалыбызды жана тышкы ресурстарды ырааттуу пайдаланып, коюлган максаттарга, буйруса, жетебиз.

Албетте, бул ишти тездетүү үчүн өнөктөштөрдүн колдоосуна муктажбыз.

Сиздер менен биргеликте коюлган максаттарды ишке ашырууда жемиштүү өнөктөштүгүбүз уланат деп ишенебиз.

Ушул максат менен өнөктөштөрүбүздүн борбордук кеңселеринен келген улуу даражалуу конокторубузга ыраазылык билдирем.

Катышуучулардын бардыгына рахмат айтам.

Бүгүнкү жогорку деңгээлдеги өнүктүрүү форумубуздун ишине ийгиликтерди каалайм».

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12